Миңдеген кыз-келиндин интимдик сүрөттөрү интернетке тарады. Британиядагы окуя

© AP Photo / Jae C. HongПроблема проституции в США
Проблема проституции в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөттөр аталган тармакка ким тарабынан жана кандай жол менен чогултулганы айтылган эмес.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Британиялык миңдеген кыз-келиндин интимдик сүрөттөрү интернетке тарап кетти. Бул тууралуу Metro басылмасы жазды. 

Сүрөттөр Mega деп аталган файлдарды алмаштыруу жайында сакталып турганы айтылат.

"Ал жерде Британиянын майда-чүйдө аймактарынан тарта ири шаарларынын аталыштары менен көптөгөн папкалар турат. Ар биринде аялдардын аты-жөнү жазылган папкалар бар. Ушул убакка чейин каалаган адам кирип сүрөттөрдү көрүп жатат", — деп айтылат макалада.

Британиянын 23 жаштагы Микала Монсун аттуу жаранына курбу кызы сүрөттөрдүн дарегин жөнөткөн.

"Ача калсам эле жарым жылаңач сүрөттөрүм жүрөт. Шок болдум. Мендей болгон дагы канча кыз жапа чекти. Полицияга кайрылсам, жарытылуу жардам бере алган жок", — деп жазган Монсун.

Сүрөттөр аталган тармакка ким тарабынан жана кандай жол менен чогултулганы айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0