ЖМК: Анжелина Жоли менен Брэд Питт жарашты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүү64-й Каннский кинофестиваль
64-й Каннский кинофестиваль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жубайлар үч жылдан бери бүтпөй келе жаткан ажырашуу маселесин аягына чыгарган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Америкалык кино жылдыздар Брэд Питт менен Анжелина Жоли бир нече жылдан бери уланып келе жаткан ажырашуу боюнча маселеге чекит коюп, жарашты. Бул туурасында Entertainment Tonight жазды.

Басылмага айтып берген маалымат булак экөө эки жээкке тарта бербей, бир пикирге келип, алты баланы тарбиялоо керек экендигин түшүндү деген.

"Экөө тең алдыга кадам таштоо зарылдыгын түшүндү окшойт. Бардык таарынычтар, уруш-талаштар артта калды. Эми алар балдарды карап, тарбиялоо боюнча ойлоно башташты", — деген ал.

Голливуддун мыкты актерлору Брэд Питт менен Анжелина Жолинин ортосун кара мышык 2016-жылы аралаган. Ажырашуу демилгесин аялы биринчи көтөрүп, арыз берген. Жоли соттон алты баланы өзү менен калтырууну сураган. Бул чырга түгөйлөр 2019-жылы апрель айында чекит коюп, кайрадан жаңы жашоону баштоону чечкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0