40 жылда онтогон оорудан көз жумгандардын саны миллиондоп өсөт. Иликтөө

© Sputnik / Александр Полегенько / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул көрүнүш кооптуу илдеттердин жылдан-жылга кулач жайып баратканы менен байланыштуу.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. 2060-жылдан тарта дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 48 миллион адам жаны кыйналып көз жумат. Мындай божомолду The Lancet Global Health журналына шилтеме берип Daily Mail басылмасы жазды.

Британ окумуштууларынын иликтөөсүнө караганда, 40 жылдан кийин экономикасы анча өнүкпөгөн өлкөлөрдө жыл сайын каза болгондордун 47 пайызы жаны кыйналып, ооруну басаңдатчу дары-дармектерди ичип жатып өлөрү аныкталган. Айрым адистер мындай кырдаал Улуу Британия, АКШ сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө деле болушу мүмкүн экенин айтышат.

"Мунун баары кооптуу илдеттердин жылдан-жылга кулач жайып баратканы менен байланыштуу. Мисалы, 2060-жылы жер бетинде рактан көз жумгандардын саны жыл сайын 16 миллионго жетиши мүмкүн", — деп айтылат макалада.

Буга чейин Sputnik агенттиги морфин алган кыргызстандыктар жөнүндө макала даярдаган. Бул дарынын жетишсиздигинен канчалаган мекендештер өмүрүнүн акыркы күндөрүн тозоктогудай өткөрүп жатканын материалдан окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0