Бразилиялык аял өзүнө өзү турмушка чыгууну чечти

© REUTERS / POOLҮйлөнүү үлпөтү. Архив
Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жуссара Дутра Коту тойдон кийин деле адамдар менен ачык-айрым сүйлөшүп, башкалар менен жылуу мамиледе кала бермекчи.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бразилиялык 38 жаштагы аял өлкөнүн тарыхында өзүнө өзү турмушка чыккан келин болуп калганын РИА Новости Estado de Minas басылмасына таянып жазган.

Салтанат жекшемби күнү Бразилиянын батышында орун алган Белу-Оризонти шаарында өтөт. Аялдын өмүрүндөгү өзгөчө окуянын жүрүшү анын социалдык тармактагы жеке баракчасында түз алып көрсөтүлөт.

"Көп аялдар үлпөт көйнөк кийип турмушка чыккысы келет. Ал эми азыркыдай үйлөнүү тою мындай кыз-келиндерге жакшы мүмкүнчүлүк берет, тагыраагы, аял эркекке муктаж болбойт. Өзүңө болгон сезим эң таза сезим эмеспи", — деп айткан Жуссара Дутра Коту (Jussara Dutra Couto).

Сириядагы аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
19 жолу күйөөгө берип... Сирияда 6 жыл жашап келген казакстандык келиндин баяны
Бразилияда мындай үйлөнүү расмий нике катары катталбайт. Аппак көйнөкчөн энесин жекшемби күнү алтарга 21 жаштагы кызы колтуктап барса, тойду курбусу өткөрүп жатканы айтылды.

Аял колуна шакек алмашып салган жөрөлгөнүн ордуна көпөлөктүн канаты бар аялдын сүрөтүн татуировка кылып тарттырганы жатканын, ал көз карандысыздыктын символу экендигин айтты. Маалыматта тойдун көркүн көп кабаттуу торт ачары жазылган.

Жуссара Дутра Коту тойдон кийин деле адамдар менен ачык-айрым сүйлөшүп, башкалар менен жылуу мамиледе каларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0