Францияда жардыруу болду, жабыркагандар бар. Сүрөт

© REUTERS / EMMANUEL FOUDROTВзрыв в центре Лиона
Взрыв в центре Лиона - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция окуя болгон жерди курчоого алып, жарандарды өзүнө сак болууга чакырууда.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Франциянын Лион шаарында жардыруу болуп, жыйынтыгында бир нече адам жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Progrès гезитинин жазганына караганда, жөө адамдар басчу көчөлөрдүн биринде түйүнчөккө оролгон бир нерсе жарылып кетти.

"Алдын ала маалыматка караганда, жардыруу Виктор Гюго көчөсүндө саат 17.30да (Бишкек убактысы боюнча 21.30да) болгон. Жабыркагандар көп”, — деп айтылат билдирүүдө.

​Lyonmag порталынын билдирүүсүндө, сегиз жабырлануучу тууралуу айтылган.

Полиция окуя болгон жерди курчоого алып, жарандарды өзүнө сак болууга чакырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0