БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Тынып-тынып жасалган машыгуулар курсактагы майдан арылууга чоң жардам берерин "Известия" жазды.
АКШнын гериатриялык ассоциациясынын окумуштуулары эксперимент жүргүзүп, ага 70 жаштын тегерегиндеги 72 адам катышкан. Эки топко бөлүнүп, биринчисиндегилер он жума бою тынып жасалган машыгуулардын программасы менен көнүгүү жасашкан. Бир күндө үч жолудан 18 мүнөттө жөнөкөй көнүгүүлөрдү жасап, бара-бара машыгуунун убактысы 36 мүнөткө чейин көбөйгөн.Ал эми экинчи топтогулар көндүм жашоо менен жашашкан. Натыйжада биринчи топтогулар курсактагы майынын үчтөн биринен арылып тим болбостон, булчуң этин да өстүрүп алышкан.
Сунушталган ыкманын эркектер үчүн натыйжалуураак экени аныкталган.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 67 жаш курагында СССРдин ат оюндары боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргызстанда туулган Александр Блинов каза болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.Спортчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-мартта Москвада өтөт. Блинов 1954-жылы 19-августта Фрунзе шаарында туулган.
Анын Москвадагы Олимпиада оюндарында жетишкен ийгиликтери боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.
Акыркы жолу Нуньес өткөн жылдын июнь айында өткөн UFC 250 турниринде Фелиция Спенсер менен беттешип, калыстар тобунун добушу менен жеңүүчү деп табылган.
Ал эми Андерсон 2020-жылдын февраль айында UFC Fight Night 169 мелдешинде Норма Дюмон менен кез келип, биринчи раундда эле каршылашын нокаутка кетирген.Орточо оор салмактагы Ян Блахович менен орто салмактагы чемпион Исраэл Адесаньенин кармашы кеченин башкы беттеши болмокчу.
Маанилүүлүгү боюнча үчүнчү орунда турган беттеш Петр Ян менен Алджамейн Стерлингдин кармашы болот.