АКШда мурдагы мамлекеттик кызматкер 12 кишини атып өлтүрдү

© AP Photo / Vicki Cronis-NoheСтрельба в муниципальном комплексе в Вирджиния-Бич
Стрельба в муниципальном комплексе в Вирджиния-Бич - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү жаран мэрия менен соттун имаратынан алыс эмес жайгашкан муниципалдык комплексте ок чыгарган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШнын Вирджиния-Бич шаарындагы муниципалдык комплексте атылган октон кеминде 12 киши каза болгонун BBC телеканалы билдирди.

Стрельба в городе Утрехте (Нидерланды) - Sputnik Кыргызстан
Голландияда үч кишини атып өлтүрүүгө шектелген киши кармалды
Акыркы маалыматтар боюнча ок аткан киши өзү да каза болгон. Полиция ок атылганы тууралуу маалыматты жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00дөр чамасында алган. Шектүү жаран мэрия менен соттун имаратынан алыс эмес жайгашкан муниципалдык комплексте ок чыгарган.

Wall Street Journal басылмасы жергиликтүү аткаминерлерге таянуу менен ок чыгарган киши көп жылдан бери шаардык коммуналдык кызматында иштеп келгенин жана кызматынан четтетилгенин жазды.

Шаар полициясынын жетекчиси Жим Сервера кылмышты иштен алынган кызматкер жасаганын ырастап, ал муниципалдык комплекске кирип келип эле, эч нерсе дебестен ок чыгарганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0