Аргентинада аялын дээрлик 20 жыл үйдө камаган киши кармалды

© AP Photo / Marcelo RuizЖенское насилия в Аргентине
Женское насилия в Аргентине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшкөн киши аялын керебеттин бутуна байлап коюп жүргөн.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Аргентинанын соту аялын 19 жыл бою үйдө камаган 57 жаштагы кишиге карата алдын ала өкүм чыгарып, ал 60 күнгө чейин тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу TN телеканалы билдирди.

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соо жери жок. Турмушка жаңы чыккан келин 10 күндөн кийин ур-токмокко алынды
Запкы көргөн аял 43 жашта. Маалыматка ылайык, аны күйөөсү бир нече жылдан бери керебеттин бутуна байлап, эч жакка чыгарбай келген. Андан сырткары, жолдошу такай кол көтөрүп, кордук көрсөтүп турган. Аял анда-санда гана күйөөсүнүн көрсөтмөсү менен туугандарына чалып, жакшы жүргөнүн айтып келген. Ал быйыл май айынын башында күйөөсү эшикти жапканды унутуп калганынан пайдаланып качып чыгып, туугандарына телефон чалган. Бир нече убакыттан кийин күйөөсүн полиция колго түшүргөн.

Аргентинанын улуттук статистика институтунун берген маалыматы боюнча, акыркы беш жылда өлкө аймагында аялдарга карата 576 миң зомбулук болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0