Футбол талаасына жарым жалаңач чуркап чыккан моделге 15 миң евро айып салынды

© AP Photo / Manu FernandezЧемпиондор лигасынын финалдык оюнунда талаага жарым жылаңач чуркап чыккан модель Кинси Волански
Чемпиондор лигасынын финалдык оюнунда талаага жарым жылаңач чуркап чыккан модель Кинси Волански - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Модель биринчи таймда талаага чуркап чыга калып, "Ливерпуль" менен "Тоттенхэмдин" оюнун үзгүлтүккө учураткан.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Европа футбол ассоциацияларынын бирикмеси (УЕФА) Чемпиондор лигасынын финалдык оюнунда талаага жарым жылаңач чуркап чыккан модель Кинси Воланскини 15 миң евро айыпка жыкты. Бул тууралуу Marca басылмасы жазды.

Моделге талаага чуркап чыкканы үчүн беш миң евро жана сүйлөшкөн жигитинин YouTube каналын жарнамалаганы үчүн 10 миң евро айып салынды.

Стадион имени Долона Омурзакова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Палестинанын оюну. Футбол күйөрмандарын өзгөчө программа күтөт
1-июнда өткөн Чемпиондор лигасынын финалында "Ливерпуль" менен "Тоттенхэм" кездешкен. 1-тайм Воланскинин айынан үзгүлтүккө учураган. Аны дароо кармашып, оюн талаасынан алып кетишкен.

Бул окуядан кийин модель белгилүү болуп кеткен. Ал тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып, Instagram баракчасындагы 300 миң катталуучунун саны 2,5 миллионго өскөн.

Модель ошондой эле сүйлөшкөн жигити Здоровецкийдин YouTube каналы менен блогунун рейтингин көтөргөн. Apex Marketing Group маркетингди изилдөөчү компаниянын изилдөөсүнө караганда, пранкердин сайты эми жарнаманын арты менен 3,5 миллион евро табышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0