Жер-жемиштин курсактагы түйүлдүккө кандай пайдасы бар? Иликтөө

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүII международная специализированная выставка "Импортозамещение - 2016"
II международная специализированная выставка Импортозамещение - 2016 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1999-2009-жылдары жүргүзүлгөн иликтөөгө 88 миң бала жана алардын энелери катышкан.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Норвегиянын Коомдук ден соолук институтунун адистери кош бойлуу аялдарга клетчатканын өтө пайдалуу экенин иликтеп чыгышты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Уктап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туруксуз уйку адамдын семирүүсүн шарттайт. Иликтөө
1999-2009-жылдары жүргүзүлгөн иликтөөгө 88 миң бала жана алардын энелери катышкан. Окумуштуулар алгач кош бойлуу келиндердин рационун анализдеп, андан соң төрөлгөн баланын ден соолугун текшеришкен. Жыйынтыгында клетчаткасы көп тамактарды жеген аялдардын балдарынын дени сагыраак жана генетикалык оорулардан оолак болору байкалган.

"Өзгөчө ичеги-карын оорулары тууралуу сөз болуп жатат. Мындай оорулар зат алмашууну начарлатып, кайра-кайра кайталанып турма жайы бар", — деп айтылат макалада.

Белгилей кетсек, клетчатка картошка, ашкабак, сабиз, капуста сыяктуу жашылчаларда, жемиштерде жана жаңгак, буурчак, гречка, күрүч, улпакта көп болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0