Голливуд актеру жана режиссер Брэдли Купер жана ырчы Леди Гага. Архивдик сүрөт

Леди Гага кылдыбы? Ирина Шейк менен Брэдли Купер ажырашты

273
(жаңыланган 12:51 09.06.2019)
Учурда түгөйлөр алардын эки жаштагы кызы Лея кимдин колунда болот деген маселени чечип жатышат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Россиялык супермодель Ирина Шейк менен Голливуд актеру жана режиссер Брэдли Купер ажырашты. Бул тууралуу  People басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, учурда түгөйлөр алардын эки жаштагы кызы Лея кимдин колунда болот деген маселени чечип жатышат. 

Шейк менен Купер 2015-жылдан тарта бирге жашай баштаган. Бул эки атактуу өздөрүнүн мамилесин жашырбаганы менен ачык да айта берүүнү жактырчу эмес. 2016-жылы экөө баш кошкону жаткандыгы жөнүндө айтылган. Бирок түгөйлөр ушул күнгө чейин расмий түрдө никеге тура элек болчу.

Былтыр Купер ырчы Леди Гага менен биргеликте "Жылдыз жаралды" деп аталган тасмага тартылгандан кийин экөөнүн ортосунда сүйүү мамилелери пайда болгонун ЖМКлар жазып келишкен. Бул ажырашууга дагы ушул нерсе себеп болгону айтылууда.

273
Белгилер:
Брэдли Купер, Леди Гага, ажырашуу
Тема боюнча
Дүйнөдөгү эң бай киши Жефф Безос аялы менен мүлкүн бөлүштү
Президент Сооронбай Жээнбеков белоруссиялык кесиптеши Александр Лукашенко менен. Архивдик сүрөт

Жээнбеков Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады

11
(жаңыланган 17:26 10.08.2020)
Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук, ишине ийгилик, ал эми белорус элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков белоруссиялык кесиптеши Александр Лукашенкону кайрадан өлкө башчы болуп келиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Сиздин мол тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз мындан ары дагы элдин турмушун жакшыртып, мамлекеттин экономикалык жана саясий өсүп-өнүгүшүнө алып келет деп ишенем. Достукка жана ишенимге негизделген кыргыз-белорус мамилелери мындан ары дагы бекемделерине көзүм жетет", — деди Жээнбеков.

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Жээнбеков Лукашенкого бекем ден соолук, ишине ийгилик, ал эми белорус элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Эске салсак, кечээ Белоруссияда мамлекет башчыны тандашты. Анда Александр Лукашенко 80,23 пайыз менен атаандаштарын жеңип алды

11
Белгилер:
куттуктоо, жеңиш, шайлоо, Александр Лукашенко, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт
Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөнов. Архивдик сүрөт

Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт

128
(жаңыланган 17:14 10.08.2020)
Кадрдан Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагыларга таякча менен бир макетти түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты.

Сүрөт президенттин сайты менен РИА Новостиге жарыяланган. Анда Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагы кишилерге таякча менен бир макетти көрсөтүп түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот. 

Мужчина, похожий на беглого премьер-министра КР Данияра Усенова, который сегодня именует себя Даниилом Урицким с президентом Беларуси Александром Лукашенко на встрече в Минской области
Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты

Маалыматта Лукашенко Минск облусуна иш сапары менен барып, Пухович районундагы жогорку технологиялуу агроөнөр жай өндүрүшүн толук циклде уюштуруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышары айтылат. Долбоорду "Белоруссиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясы" ишке ашырууда.

ЖМК Бакиевдер менен Урицкийдин Белоруссиядагы миллиондогон бизнестери тууралуу

Өз кезегинде Лукашенко долбоорго жогорку баасын берген.

Курманбек Бакиевдин тушундагы соңку премьер-министр болгон Данияр Үсөнов апрель окуясынан кийин кызматынан кол жууган. 3,5 ай премьерликти аркалап, апрель окуясы боюнча иштерден улам сыртынан соттолгон. Ушул тапта Белоруссияда жашайт, ал жакта Даниил Урицкий ысымы менен жүрөт.

128
Белгилер:
долбоорлор, Сүрөт, Александр Лукашенко, Данияр Үсөнов, Белоруссия
Тема боюнча
Белоруссия Данияр Үсөновду эмнеге кайтарып бербей жатканын түшүндүрдү
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн