Адам 50 жаштан кийин эмнеге бат карый баштайт? Окумуштуулардын иликтөөсү

© AFP 2023 / ALAIN JOCARD Французская гражданка Мари-Тереза ​​Бардет
Французская гражданка Мари-Тереза ​​Бардет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер 50 жашка барганда жаштыкты сактоого далбастоонун ордуна 30-40 жаштан тарта ден соолукка кам көрүү майнаптуу экенин айтат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Майами университетинин (АКШ) окумуштуулары адам эмнеге бат карый турганын иликтеп, жыйынтыгын EurekAlert басылмасы жарыялады.

Авторлордун айтымында, адамдын гениндеги организмдин жаштыгын сактоо системасы 50-60 жаштан кийин иштебей калат.

"Адам 60 жашка жакындаганда жылына ар түрдүү, жок эле дегенде 1-2 ооруга чалдыгат. Оорулардын көптүгү клеткаларды жаңылап турчу функцияны иштен чыгарат", — деп айтылат билдирүүдө.

Андыктан, окумуштуулар 50 жашка барганда жаштыкты сактоого аракет кылгандын ордуна 30-40 жаштан тарта ден соолукка кам көрүп, оорулардын алдын алуу туура экендигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0