Тик учак көп кабаттуу имаратка урунуп күйүп кетти. Нью-Йорктогу видео

© REUTERS / BRENDAN MCDERMIDСпасатели и пожарные на месте крушения вертолета в центре Манхэттена в Нью-Йорке. 10 июня 2019 года
Спасатели и пожарные на месте крушения вертолета в центре Манхэттена в Нью-Йорке. 10 июня 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба кемеси көп кабаттуу имараттын чатырына урунган.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Жеңил тик учак Нью-Йорк шаарындагы 54 кабаттуу имараттын чатырына кулап түшүп, учкучу курман болгон. Бул туурасында newyork.cbslocal.com жазды.

Кырсыктуу окуя дүйшөмбү күнү түш ченде, жамгыр жаап, туман каптап турган учурда болгон. Трагедиянын алдында учкуч жердегилерге жаралган маселе жөнүндө маалымат берген.

Анын видеого түшүп калган акыркы мүнөттөрүндө тик учакты башкара албай жаткандай көрүнүп турат.

​Кырсык болгон жерге 100 куткаруучу барган. Каза тапкан Тим МакКормактын 15 жылдык тажрыйбасы бар экендиги, буга чейин Өрт өчүрүү департаментинде эмгектенгени айтылды.

Не спецоперация, а кошмарный аттракцион — видео спасения американки в горах - Sputnik Кыргызстан
Куткарбай эле куурата жаздап... Кемпирди тоо арасынан алып чыккан видео
Маалыматта кулаган техника кырсыктаган мезгилде учканга тыюу салынган аймакта болгону жазылган. Эми полиция авиадиспетчерлер учкучка туура эмес маалымат берип алган эмеспи деген маселени иликтемей болду.

Нью-Йорктун мэри Билл Де Блазио тик учактын кулашы теракт эместигин айтты.

Кулаган Agusta АW109 Hirundo / AW109 Power / Grand / Grand New көп максаттуу жеңил техникалардын катарына кирет. Аны "Агуста" фирмасы 1960-жылдары долбоорлогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0