Путин: баарыңыздарды Улуу Жеңиштин 75 жылдыгында күтөм

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы аскердик парад. Архив
Москва шаарындагы аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саммитке 10 президент жана эки премьер-министр катышууда.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Шанхай кызматташтык уюмунун башчыларын 2020-жылы белгилене турган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына чакырды.

14-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ШКУ саммити өтүп жатат. Катышуучулар кезеги менен сүйлөштү. Путин Россия Улуу Жеңиш күнүнө чоң маани берерин айтып, анын урматына салтанаттуу чоң иш-чара болорун белгиледи.

"Урматтуу кесиптештер, сиздерди Жеңиш күнүнүн юбилейине чакырам", — деди Путин.

Саммитке 10 президент жана эки премьер-министр катышууда. Жыйындан кийин төрагалык кылуу милдети Кыргызстандан Россияга өттү.

ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.

Sputnik Кыргызстан агенттиги саммиттен тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0