Больница. Архивное фото

Эс-учун билбей жатканда аялдуу болуп... Кузбасстагы жаканы карматкан окуя

2084
Мамлекеттик мекемеде иштеген аял курбусуна эсинен танып жаткан кишини үйлөндүрүп койгону үчүн сот алдында жооп берүүдө.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кузбасс аймагындагы Таштагол шаарында эркек кишинин эс-учун жоготуп жатканда капыстан эле аялдуу болуп калган фактысы аныкталды. Бул маалымат Кемерово облустук прокуратурасынын сайтына жарыяланган.

Окуя мындан эки жыл мурда болгону айтылат. Шаарда жашаган аял Жарандык актыларды каттаган мекемеде иштеген курбусунун жардамы менен "күйөөлүү" болгон. Бул маалымат бир караганда терс ойду жаратпайт. Кептин баары өлүм алдында жаткан кишини өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып, мыйзамсыз кадамга барганында жатат.

Октон жаракат алган киши эсине келбеген бойдон, "үйлөнгөнүн" билбей аркы дүйнөгө узаган.

Бир аз убакыттан кийин "жесир" каза болуп калган "күйөөсү" үчүн 100 миң рубль моралдык компенсация талап кылган.

Эки аялдын мыйзамсыз ишинин төркүнү тартип коргоо органдарына белгилүү болгондон кийин "колуктунун" курбусуна кылмыш иши козголгон.

Жарандык актыларды каттоо боюнча мекемеде иштеген аял курбусуна эсинен танып жаткан кишини үйлөндүрүп койгону үчүн сот алдында жооп берүүдө.

2084
Белгилер:
компенсация, Кемерово, Россия
Тема боюнча
Кытай Кыргызстандан ири көлөмдө азык-түлүк сатып алууга даяр
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга барды

144
(жаңыланган 14:26 22.10.2020)
Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 22-октябрда, Россия Федерациясына барды. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.

Буга чейин Казакбаев Россияга эки күндүк иш сапары менен барары айтылган болчу

144
Белгилер:
Сергей Лавров, жолугушуу, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
Рим папасы Франциск. Архив

Рим папасы Франциск бир жыныстуу никени мыйзамдаштырып берүүгө чакырууда

94
(жаңыланган 12:39 22.10.2020)
Дин өкүлүнүн айтымында, ЛГБТ коомчулугундагы адамдарды дагы Кудай жараткан жана алар үй-бүлөлүү болууга укуктуу. Демек, бул нерсени мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу керек.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Рим папасы Франциск бир жыныстагы адамдарга мыйзамдуу түрдө никеге турууга уруксат берүү керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазды.

Анын айтымында, ЛГБТ коомчулугундагы адамдарды дагы Кудай жараткан жана алар үй-бүлөлүү болууга укуктуу. Андыктан бул нерсени мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу зарыл.

"Бул үчүн бир дагы адам коомдон куулуп же бактысыз болбошу керек. Биз бул дүйнөгө душмандашуу үчүн эмес, үй-бүлөлүү болуу үчүн келгенбиз", — деди Рим папасы.

Эске салсак, ал башынан эле бир жыныстагы адамдардын баш кошуусун колдоп келет.

94
Белгилер:
мыйзам, нике, үй-бүлө, Рим папасы Франциск
Тема боюнча
Рим папасы төшөк кумары тууралуу оюн билдирип, аны башкача баалады
Добуш берип жаткан адам. Архив

Шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун ЖК комитети үч окууда жактырды

0
Маселе комитеттен кийин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланмак. Бирок саат 14:00дөн бери кворум жок жыйын башталбай жатат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Конституциялык мыйзамдар, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Белгилей кетсек, аталган демилге кечээ, 21-октябрда, парламентте биринчи окуудан өткөн. Бүгүн комитетте дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып колдоо тапты.

Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланмак. Бирок саат 14:00дөн бери кворум жок жыйын башталбай жатат. Бул конституциялык мыйзам болгондуктан кабыл алуу үчүн кеминде 80 депутат добуш бериши керек.

ЖК комитети эки шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзам долбоорун колдоду

Эгер сунушталган мыйзам күчүнө кирсе:

  • парламенттик шайлоонун күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүлөт;
  • босого чеги 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүлөт;
  • шайлоо участкасын алмаштырууга шарт түзгөн №2 форма жокко чыгарылат. Анын жолу татаалдаштырылат;
  • шайлоого катышууга ниети бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштан убактылуу гана четтетилбей, толугу менен ишинен бошотулат.
0
Белгилер:
колдоо, комитет, мыйзам долбоору, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Шайлоолордун мөөнөтүн жылдырууну кайсы депутаттар демилгеледи. Тизме
Эки шайлоонун мөөнөтү жылып, Конституция өзгөрүшү мүмкүн. Жаңы сунуш