Индияда мээ кайнаткан ысыктан адамдар өлүп жатат

© AFP / MONEY SHARMAИндияда муздак сууга жуунуп жаткан бала. Архив
Индияда муздак сууга жуунуп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нью-Дели шаарында күндүн табы калаанын тарыхында биринчи жолу 50 градуска чыкты.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Катуу ысыктан улам Индиянын Бихар штатында 29 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү Times of India басылмасы жазды.

Мындан тышкары, дагы 30дай адам оор абалда ооруканага түштү.

"Бихарда акыркы бир нече күндөн бери күндүн ысыгы күндүз 40 градустан түшпөй жатат. Ал эми Нью-Дели шаарында 10-июнь күнү күндүн табы калаанын тарыхында биринчи жолу 50 градуска чыкты", — деп жазылат макалада.

Синоптиктердин айтымында, мындай ысыктын кармалып турушуна Индия океанынан материкти көздөй соккон шамал себеп болууда. Мунун айынан өлкөнүн түндүк аймагы кургап кеткен.

Азыр индиялыктар жыл сайын ушул маалда нөшөрлөп жааган жамгырды күтүп жаткан кези.

Жаңылыктар түрмөгү
0