2000 жылдык мунара элдин көз алдында урап калды. Афганистандагы видео

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүМунара. Архив
Мунара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Газни шаарында болгон бул окуяны күбө видеого тартып алууга жетишти.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Афганистанда болжол менен 2 миң жыл мурда курулган мунара урап калды. Бул тууралуу Tolo news басылмасына шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Газни шаарында болгон бул окуяны күбө видеого тартып алууга жетишкен.

​Коомчулук тарыхый мураска бийлик тарабынан шалаакы мамиле кылынганын айтып сындап жатат.

"Алгач Газниде ушул сыяктуу 36 мунара бар эле. Кийин согуш жана жаратылыш кырсыктарынан улам 14ү талкаланып жок болгон", — деп жазылат макалада.

Газни VII кылымга чейин буддизмдин өнүгүп-өскөн борбору болуп эсептелген. 683-жылдары араб аскерлери ислам динин алып келген. Ал эми XIII кылымда шаар Чыңгыз хандын аскерлери тарабынан талкаланган. 2013-жылы ЮНЕСКО Газнини Азиядагы ислам маданиятынын борбору катары тааныган.

Жаңылыктар түрмөгү
0