Тоок эти. Архивдик сүрөт

Куштун эти малдыкындай эле зыян экендиги маалым болду

891
Мурда кызыл өңдүү этке салыштырмалуу ак эт ден соолукка пайдалуу деп айтылып келген.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Куштун эти малдыкы сыяктуу эле зыян экендигин "Известия" Сан-Францискодогу калифорниялык окумуштууларга шилтеме берип жазды.

Атайын иликтөөгө 100 эркек жана аял катышып, алардын бир бөлүгүн тооктун эти менен багышса, айрымдарына уйдун этин берип, калганын өсүмдүк азыктары менен тамактандырышкан.

"Анализдердин жыйынтыгы боюнча куштун этин жегендердин канында ЛПНП-холестериндин (жаман холестерин деп коюшат — ред.) деңгээли малдын эти менен тамактангандардан кем калган эмес. Анткен менен өсүмдүк азыктарын колдонгондордо төмөнүрөөк болгон", — деп жазылат басылманын маалыматында.

Мурда кызыл этке салыштырмалуу ак эт ден соолукка пайдалуу деп айтылып келген эле.

891
Белгилер:
тоок, мал, эт
Тема боюнча
Фастфуддун мээге тийгизген зыяны айтылды
Актриса Лю Ифэй Мулан тасмасынын премьерасы учурунда. Архив

Кыргызстандыктар тартылган "Мулан" тасмасы сентябрда онлайн көрсөтүлөт

10
(жаңыланган 19:45 05.08.2020)
"Мулан" тасмасынын жаңы версиясы адегенде 27-мартта дүйнөлүк прокатка чыгыш керек болчу. Коронавирус пандемиясына байланыштуу ал кинокомпания тарабынан кийинкиге калтырылган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Walt Disney компаниясы Кыргызстандын каскадерлору катышкан "Мулан" анимациялык тасмасын сентябрь айында коомчулукка чыгарууну чечти. Бул тууралуу The Verge басылмасы жазды.

Тасманын бет ачары түз эфирде Disney+ видео көрсөтүү  тейлөө жайында акчага көрсөтүлөт. 

АКШда жана башка аймактардагы көрүүчүлөр тасманы 29,99 доллар, ага кошумча 6,99 доллар бир айлык абоненттик төлөм берип көрүшөт. Ал эми Disney+ жеткиликтүү эмес өлкөлөрдө тасма салттуу түрдө кинотеатрларда тартууланат.

Султамбаев: америкалыктар менен бирге көк бөрү тууралуу тасма тартылды

"Мулан" тасмасынын жаңы версиясы адегенде 27-мартта дүйнөлүк прокатка чыгыш керек болчу. Коронавирус пандемиясына байланыштуу анын күнү кинокомпания тарабынан кийинкиге калтырылган.

Тасманын башкы ролун кытайлык актриса жана ырчы Лю Ифей ойнойт. Киного кыргызстандык Эрлан Жанышбек уулу, Мурат Бурханов, Дамир Ашимов жана Нургазы Мамаражап уулу тартылган. Алар тасмага Жайдарбек Кунгужинов жетектеген Nomad Stunts кыргыз-казак кесипкөй каскадерлор тобунун курамында катышкан. Кунгужинов өзү гунндардын аскер башчысынын ролун аткарган.

"Мулан" анимациялык тасмасы 1998-жылы чыгып, кинопрокаттан эле 304 миллион доллар киреше тапкан.

Кыргызстандык каскадерлордун "Мулан" киносуна кандайча тартылганын биздин төмөндөгү маектен окуңуз.

10
Белгилер:
каскадер, Кыргызстан, премьера, тасма
Тема боюнча
"Шамбала" тасмасы Шанхайдагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев. Архив

Кубанып турам! Кыргызстандык Физиев UFC уюму менен келишимин жаңыртты

32
(жаңыланган 19:11 05.08.2020)
Аралаш мушташ спортундагы эң беделдүү UFC уюмунда күчүн сынаган Физиев эми дагы төрт беттеш өткөрө алат. Андан кийинки турнирлерге катышуусу рейтингинен көз каранды деп эсептелинет.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) менен келишимин узартты. Бул сүйүнүчтүү кабары менен спортчу Instagram баракчасы аркылуу бөлүштү.

 

Контракт боюнча Физиев уюмдун алкагында төрт беттеш өткөрөт.

"UFC уюму менен жаңы келишим түзгөнүмө кубанып турам. Жакшы бир шарттар менен төрт беттеш өткөрөм. Менин менеджерлик командама ыраазычылыгымды билдирем", — деген Физиев.

Рафаэль Физиевге UFC канча гонорар төлөп берери белгилүү болду

Белгилей кетсек, промоутерлик компания спортчу бир нече кармаш өткөргөн сайын анын келишимин узартууну же токтотууну карап чыгат. Бул мушкердин жеңиштерди камсыздап, өз рейтингине кам көргөнүнө жараша болот. 

Эске салсак, Физиевдин соңку кармашы 19-июлда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралында" өтүп, анда англиялык Марк Диакезини жеңип алган.

Рафаэль жалпысынан UFC уюмунда үч кармаш өткөргөн. Биринчисинде россиялык Магомед Мустафаевден жеңилип, кийин бразилиялык Алекс Уайтты утуп алган.

 

32
Белгилер:
турнир, мушкер, келишим, Рафаэль Физиев, UFC
Тема боюнча
Физиев жеңишинен кийин кыргызстандыктарга кайрылды. Видео
Төрага Жумабеков мушкер Физиевди UFC мелдешиндеги жеңиши менен куттуктады