Уурдалган Instagram аккаунтту калыбына келтирип алчу программа даярдалууда

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүү11-я Неделя российского интернета RIW-2018
11-я Неделя российского интернета RIW-2018   - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирок анын жалпы колдонууга качан берилери айтыла элек.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Instagram фотосервисинин негиздөөчүлөрү өчүп калган аккаунттарды калыбына келтирүү боюнча программаны тесттен өткөрүп жатат. Бул тууралуу Engadget порталы жазды.

WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот
Эми аккаунтун бирөөлөргө "уурдатып" жиберген колдонуучулар дагы өз баракчаларын калыбына келтире алат.

Бул үчүн колдонуучу алдырып ийген аккаунтуна мурда кирип жүргөн гаджет аркылуу тиркемени ачып, логинин жана телефон номерин жазышы керек. Андан соң ага алты орундуу сандан турган жашыруун код келет.

Мындай мүмкүнчүлүк жалпы колдонуучуларга качан жеткиликтүү болору айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0