Ангела Меркель дене боюн калтырак баскан себебин түшүндүрүп берди

© REUTERS / HANNIBAL HANSCHKEГермания канцлери Ангела Меркель Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу учурунда
Германия канцлери Ангела Меркель Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Украина президентинин Германияга болгон сапары учурунда болгон.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Германия канцлери Ангела Меркель 18-июндагы салтанаттуу азем учурунда саламаттыгынын начарлашына каны катып, организмине суу жетпей калышы себеп болгонун түшүндүрүп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, канцлердин абалы Украина президенти Владимир Зеленскийдин Германияга болгон сапары учурунда начарлаган. Гимн жаңырып жаткан маалда Зеленский менен кызыл килемде жанаша турган Меркель калчылдап, жыгылып кетчүдөй болгон. Бир мүнөткө созулган бул кырдаалда Украина президенти канцлер айымга эч кандай жардам көрсөткөн эмес.

Жолугушуулардын соңунда эки жетекчи жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрүп, Меркель окуя тууралуу айтып берген.

"Каным катып, организмиме суу жетпей калгандан ошенттим окшойт. Андан кийин бир нече бөтөлкө суу ичип өзүмө келдим", — деди канцлер.

Зеленский элден фонтанды аралай качты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Зеленский элден фонтанды аралай качты. Видео
Ал арада РИА Новости адис, терапевт Наталья Уклеинанын сөзүн келтирип, Меркелдин саламаттыгы тууралуу пикир алган. Дарыгердин айтымында, кан катуу кант диабети менен жабыркаган адамда болот. Буга уулануу себеп болушу мүмкүн, анткени ууланганда организм микроэлементтерден кол жууйт.

Врач Меркелдин ошондой абалда болсо дагы туруп турганына таң калган. Медик адатта мындай абалдагы адамдар баса да албай каларын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0