Си Цзиньпин биринчи ирет иш сапары менен Түндүк Кореяга аттанды

© REUTERS / Axel SchmidtСаммит лидеров G20 в Гамбурге
Саммит лидеров G20 в Гамбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Си Цзиньпин Кореяга буга чейин 2008-жылы барган, бирок анда вице-премьер кызматында эле.

БИШКЕК, 20-июн. – Sputnik. Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин бүгүн таң эрте жубайы Пэн Лиюань менен Түндүк Кореяга эки күндүк сапар менен жөнөп кетти. Бул туурасында кытайлык Борбордук телеканал кабарлады.

Кытай төрагасы Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан
Си Цзиньпин "цивилизациялар кагылышы" боюнча сөз кылбоого чакырды
Корея жетекчиси Ким Чен Ындан айырмаланып, ал поезд менен эмес, учуп барууну чечкен.

Кытай лидерин ТИМ жетекчиси Ван И, Кытайдын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Борбордук комитеттин тышкы иштер боюнча канцелярия комиссиясынын башчысы Ян Цзечи, компартиянын Борбордук комитетинин канцелярия жетекчиси Дин Сюэсян коштоп кетти.

Си Цзиньпиндин бул сапары Түндүк Корея менен дипломатиялык мамилелердин түптөлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналган жана Кытай жетекчилиги тарабынан соңку 14 жылдан бери биринчи ирет жасалды. 2005-жылы ал кездеги лидер Ху Цзиньтао барган.

Си Цзиньпин Кореяга сапарын 2008-жылы вице-премьер кызматында турганда жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0