Жер жүзүндөгү мээ кайнаткан ысык жерлер аталды. Тизме

© AP Photo / Brian Melley, FileНациональный парк "Долина Смерти" в Калифорнии
Национальный парк Долина Смерти в Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сап башына Калифорниядагы Ажал өрөөнү чыкты. Мындан башка дагы аптап куйкалаган аймак катары метеорологдор Кувейтти аташты.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк метеорология уюму адамзаттын тарыхында эң ысык болгон жерлерди атаганын Sputnik Казакстан жазды.

"2016-жылдын 21-июлунда Митрибахтагы (Кувейт) +53,9 градус Азиядагы алды-кийин болбогон аптап деп аталып, Жер планетасындагы үчүнчү эң ысык температура катары аныкталды", — деп айтылат аталган уюмдун Twitter баракчасында.

Метеорологдор эң ысык жердин тизмесиндеги төртүнчү тепкичте + 53,7 градусу менен Турбат (Пакистан) аймагы 2017-жылдын 28-майында катталгандыгын билдирген.

Мээ кайнаткан ысыктыгы менен рекорд койгон жерлер төмөнкүлөр:

  • Калифорниядагы Ажал өрөөнү — 56,7 градус ысык 1913-жылы 10-июлда катталган;
  • Келибия (Тунис) — 55 градус ысык 1931-жылы июлда катталган;
  • Митрибах (Кувейт) — 53,9 градус ысык 2016-жылы 21-июлда катталган;
  • Турбат (Пакистан) — 53,7 градус ысык 2017-жылдын 28-майында катталган.

Ажал өрөөнү деген аталышка аймак алтын күчөп жаткан кезде ээ болгон. Бул жерде индейлердин тимбиша деп аталган уруусу жашаган. Элди азыркыга чейин өзүнө тарткан жай — кургап калган Рейстрек-Плайя көлүндөгү жылып турган таштар, жарым-жартылай суу толуп калган Азезилдин чуңкуру деп аталган үңкүр. Анын тереңдиги азыркыга чейин белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0