Грузияда эл бийликке каршы митингге чыгып, 70тей киши жабыркады. Видео

© REUTERS / IRAKLI GEDENIDZE Митинг оппозиции с требованием отставки членов правительства в Тбилиси, Грузия. 20 июня 2019 года
 Митинг оппозиции с требованием отставки членов правительства в Тбилиси, Грузия. 20 июня 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тбилисидеги митинг Россиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Сергей Гавриловдун Грузияга православдык парламент аралык ассамблеянын президенти катары баргандан кийинки чуудан улам жаралган.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Түндө Тбилисиде тургундар өкмөт үйүнүн жанында митингге чыгып, натыйжада ондогон киши жабыркады. Бул туурасында Sputnik Грузия агенттиги жазды.

Тбилисидеги митинг Россиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Сергей Гавриловдун Грузияга православдык парламент аралык ассамблеянын президенти катары баргандан кийинки чуудан улам жаралган. Оппозиционерлер Грузия бийлиги өлкөнү сатып кетти дешүүдө. Өз кезегинде бийликтегилер Тбилисидеги иш-чаранын уюштуруучулары "протоколдук ката" кетиргенин айтып чыгышкан.

Руставели проспектисиндеги өкмөт үйүнүн алдына миңдеген адам митингге чыкты. Нааразычылыкка оппозициялык партиянын лидерлери, алардын активисттери жана тарапташтары, бейөкмөт уюмдар жана башка жай тургундар катышкан. Алар полицияга да баш бербей парламентке кирүүгө аракет жасашкан.

Митингчилердин башкы талабы - парламенттин төрөгасынын кызматтан кетүүсү болгон. Ошондой эле бийликке кезексиз шайлоолорду өткөрүү боюнча ойлорду айтышкан.

Ал эми полиция "тарагыла" деген талапка баш ийбеген митингчилерге каршы көздөн жаш чыгаруучу газ жана резина окторду колдонушкан.

Натыйжада митингдин 30 катышуучусу жана 39 полиция кызматкери жабыркаган. Арасында TV Pirveli, Rustavi2 жана Биринчи каналдын журналисттери бар экендиги айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0