Хирург аял уулунун жүрөгүн тамашалап тыңшай коём деп кооптуу илдет таап алды

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүВакцинация от гриппа в Краснодаре
Вакцинация от гриппа в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер апасы ошондо жүрөгүн тыңшабаса, бала бир жылдын ичинде өлүп калмак.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Британиялык Амели Барнетт аттуу кардиолог тамаша иретинде баласынын жүрөгүн тыңшай коём деп, өтө коркунучтуу илдет таап алды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды. 

13 жашар өспүрүм апасынын иш бөлмөсүнө кирип, оюн иретинде эле жүрөгүн тыңшатып көргөн. Дарыгер уулунун жүрөгүндөгү ашыкча үндөрдү угуп, тыкыр текшерип көрүүнү чечкен.

"Жыйынтыгында өспүрүмдүн жүрөгүндөгү тамырлары 2 сантиметрден 4 миллиметрге чейин ичкерип кеткени аныкталган. Ага шашылыш түрдө операция жасалып, тамырлар 13 миллиметрге чейин кеңейтилди", — деп жазылат макалада.

Хирургдун айтымында, эгер ал ошондо жүрөгүн тыңшабаса, бала бир жылдын ичинде өлүп калмак.

Жаңылыктар түрмөгү
0