29 жаштагы келин ачык сүрөттөрү үчүн дарыгерлик лицензиядан кол жууду. Сүрөт

CC0 / Alexsander-777 / Фотоаппарат кармап турган кыз. Архив
Фотоаппарат кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нанг Мве Сан эки жыл мурда социалдык тармактарга ачык сүрөттөрүн жүктөй баштаган.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Мьянманын 29 жаштагы тургуну Нанг Мве Сан ачык сүрөттөрү үчүн дарыгерлик лицензиядан кол жууду. Бул тууралуу The New York Times жазган.

Билдирмеге ылайык, Нанг Мве Сан эки жыл мурда социалдык тармактарга ачык кийинген сүрөттөрүн жүктөй баштаган. Бул убакыт аралыгында анын Facebook баракчасына 540 миң адам, ал эми Instagram баракчасына 103 миң колдонуучу катталган.

Дарыгерлер жамааты кесиптешинин бул жоругун туура көргөн эмес. Алар Нангдын ачык сүрөттөрү дарыгерлик кесиптин аброюна шек келтирерин айтып, эскертүү беришкен.

Бирок аял алардын сөзүн уккан эмес. Мындан улам Мьянманын медициналык кеңеши Нангдын дарыгерлик лицензиясын чакыртып алган.

Жумушунан кол жууган келин медициналык кеңештин чечими боюнча сотко даттанарын билдирген. Нанг азыр ал мурдагыга салыштырмалуу көп акча таап калганын жана моделдик бизнес ага жагарын айткан. Мурунку дарыгердин айтымында, ал кийин медицинага кайтып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0