Кулак. Архивдик сүрөт

Суу агызып кеткен кулакты ээсине кайтарып беришти. АКШдагы окуя

141
Жээктен кулакты таап алган эс алуучулардын бири полицияга өткөрүп берген.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. АКШнын Түштүк Каролина штатындагы Бьюферт шаарынын тургуну Меррит Егер катуу толкундан улам кулагын жоготуп алган. Бул туурасында abcnews жазды.

Меррит Егер (Merritt Yeager) үй-бүлөсү менен пляжга сууга түшкөнү барып, катуу толкундан улам протез кулагын жоготуп алган. Суунун агымы алып кеткен жасалма кулакты жакындары менен кошо таба албай коюшкан.

Егер эс алуусу бүтүп, Флориданын аймагынан кетип калгандан кийин жээктен кулакты таап алган эс алуучулардын бири аны полицияга өткөрүп берген.

Детектив Брайан Холл бул анын ишинде кездешкен биринчи окуя болгондугун айткан.

"Алгач, чыныгы кулакпы же жасалмабы түшүнгөн жокмун. Анан Facebook баракчабызга кулактандыруу бердик. Анткен менен ээси табылбайт болуш керек деп ойлогон элек", — деген ал.

Табылган кулак туурасында маалымат желдей тарап, акыры Егердин өзүнө жеткен. Ал полиция менен байланышып, кулак чындыгында эле аныкы экендигин далилдеп берген. Тартип сакчылар бир нече күндөн кийин протезди почта менен ээсине салышкан.

141
Белгилер:
полиция, кулак, жасалма, пляж, Флорида, АКШ
Тема боюнча
Эс-учун билбей жатканда аялдуу болуп... Кузбасстагы жаканы карматкан окуя