Трамп G20 саммитинде Путин менен жолугат

© REUTERS / JORGE SILVAРоссиянын президенти Владимир Путин жана АКШ либеди Дональд Трамп. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШ либеди Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саммит 28-29-июнь күндөрү өтөт.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Дональд Трамп "Чоң жыйырманын" Осакада өтө турган саммитинде Владимир Путин менен жолугат. Бул тууралуу РИА Новости АКШнын администрациясынын жогорку даражадагы өкүлүнө шилтеме берип жазды.

АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп экинчи ирет президент болуу аракетин баштады
Маалыматка караганда, эки лидер Иран, Венесуэла жана Украинадагы кырдаал жана эки тараптуу мамилелер тууралуу кеп кылышат.

Мындан тышкары, аткаминер белгилегендей, Трамп Россиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен деген маселе боюнча дагы сөз козгойт.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги болсо жолугушуу ишке ашышы керектигин маалымдаган.

Саммит 28-29-июнь күндөрү өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0