БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленскийдин өлкө башчы катары алгачкы айлыгы 483 долларды түздү. Бул тууралуу "Фактор" басылмасына шилтеме берип Sputnik Тажикстан жазды.
Бирок ушул эле суммадан 94 доллар салыктар жана жыйымдарга деп кармалды.
Мурдараак президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси экс-президент Петр Порошенко 2018-жылы негизги кызмат ордунан 9,5 миң доллар иштеп тапканын жазган. Бул каражат толугу менен кайрымдуулук фондусуна бөлүнгөн.
Ал эми Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн башчылары канчадан айлык аларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин макаласынан окусаңыз болот.