Канцлер Германии Ангела Меркель на встрече с президентом Франком-Вальтером Штайнмайером в Берлине, Германия, 27 июня 2019 года

Ангела Меркель кайрадан калчылдап... Видео

3155
(жаңыланган 15:22 27.06.2019)
Бул Меркелдин бүткөн боюн калтырак баскан биринчи учуру эмес.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Расмий иш-чара учурунда Германия канцлери Ангела Меркелдин ден соолугу кайрадан начарлап, бүткөн боюн калтырак басты. Бул тууралуу N-tv телеканалына таянуу менен РИА Новости жазды.

Видео YouTobe каналына жүктөлгөн.

Маалыматта окуя Меркелдин президент Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугуп жаткан маалында болгону айтылат.

Видеодон көрүнүп тургандай, канцлер сунушталган суудан да баш тарткан. Бүгүнкү күндө өкмөт Меркель өзүн жакшы сезип, G20 саммити өтө турган Японияга жөнөп кетүүгө даярданып жатканын билдирди.

Бул Меркелдин бүткөн боюн калтырак баскан биринчи учуру эмес. Буга чейин Украина президенти Владимир Зеленскийдин Германияга болгон сапары учурунда гимн жаңырып жаткан маалда Меркелдин саламаттыгы начарлап, тулку боюн калтырак баскан.

Анда кант диабетинен улам каны катып, мындан улам ден соолугу жабыркаганын өзү маалымдаган.

Ал эми кийинчерээк Зеленский эмне үчүн Меркелге жардам бербей койгонун да түшүндүрүп берген.

3155
Белгилер:
ден соолук, Германия, Ангела Меркель
Тема боюнча
Бүткөн бою калчылдап, жыгылып кала жаздаган Меркель. Видео
Зеленский калчылдаган Меркелге эмнеге жардам бербей койгонун айтты
Ангела Меркель дене боюн калтырак баскан себебин түшүндүрүп берди