Путин G20 лидерлеринин кечки тамагына өзүнүн кол термосу менен келди

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрдан президенттин термостаканды алып жүргөндүгүн көрүүгө болот.

БИШКЕК, 28-июн. – Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин G20 лидерлеринин кечки тамагына эмне үчүн өзүнүн кол термосу менен келгендигин түшүндүрүп берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Ал ушул термостон дайыма чай ичкендиктен кошо ала келген", — деп айтып берген маалымат катчы РИА Новостиге.

Кадрдан президенттин термостаканды алып жүргөндүгүн көрүүгө болот.

​Маалыматта мамлекет башчынын жылуулукту сактаган атайын кружканы ар кыл иш-чараларда көп колдонгондугун көрүүгө болору жазылган.

Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин менен Трамп G20 саммитинин алдында учкай маектешти
Осакадагы кечки тамакта президент өзүнүн кол термосун Япония лидери Синдзо Абэнин, АКШ президенти Дональд Трамптын бокалы менен кагыштырган. Кадрдан караганда АКШ лидеринин идишинде кола болгон. Трамп аталган суусундукту жакшы көргөндүктөн Ак үйдөгү сүйрү кабинетте кола алып келе турган официантты чакыра турган атайын баскыч бардыгын айтышат.

Ал кола менен гамбургерди жакшы көрөрүн танбаганы менен, негизинен туура азыктар менен тамактанарын билдиргени бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0