Үй тазалоо. Архивдик сүрөт

Британияда күйөөсүн үй жыйнаш деп суранган аял камакка алынды

511
Түгөйлөр 2012-жылы интернет аркылуу таанышып, эки жылдан кийин баш кошушкан.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Британиянын Норт-Йоркшир графтыгында Каттерик айылынын тургуну Валери Сандерс спорт залга көп барган күйөөсүн үй жыйнаш деп сурангандан кийин 17 саат бою камерада отуруп чыкты. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 2018-жылы эле башталып, жакында аяктаган. Сандерс 14 ай мурда күйөөсүнө "үй жыйнашып кой" деп кат жазып таштап кеткен. Эркек киши полицияга кайрылып, аялы аны тыкыр көзөмөлгө алып жатканын айтып арызданган. Ал эми азыр кылган аракети туура эместигин, бирок учурунда андан башка айласы калбаганын айтууда.

"Ал менин күн сайын иттердин артынан тазалап жүрүшүмдү талап кылган", — дейт полицияга арызданган эркек.

Түгөйлөр 2012-жылы интернет аркылуу таанышып, эки жылдан кийин баш кошушкан. Аялдын айтымында, үйлөнгөндөн кийин күйөөсү жумушсуз калып, болгон убактысын спорт залга арнай баштаган. Жолдошунун мындай аракети ага жакпагандыктан үйгө да кичине каралашууну өтүнгөн. Бирок күйөөсү мындан баш тарткан.

Алардын мамилеси сотко чейин жетип, аял 17 саат камерага отуруп чыккандан кийин ажырашууну чечкен.

511
Белгилер:
Улуу Британия, сот, үй-бүлө
Тема боюнча
Аялым төшөктө салкын. "Ыраазы" болбогон эркектин каты
Жолдошум "кыз эмес келгенсиң" деп кордук көрсөтчү болду. Жаш келиндин каты