Кандай эркектер импотенцияга кабылат? Жаңы иликтөө

© Фото / Pixabay / StockSnapМужчина в стрессе
Мужчина в стрессе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын божомолдоосуна караганда, 2025-жылы 300 миллион эркек импотенцияга учурашы мүмкүн.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жүрөк кан-тамыр, нерв жана эндокриндик илдеттери бар эркектер 40 жаштан өткөндөн кийин импотенцияга кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШлык окумуштуулардын иликтөөсүнө таянып "Газета.Ru" басылмасы жазды.

"Эрекциялык функциялардын бузулушу (импотенция) — бул өз алдынча оору эмес. Жүрөгү ооруган, нерв жана эндокриндик системасында мүчүлүштүктөр бар эркектер 40тан өткөн соң төшөктө алсыз боло баштайт. Бара-бара бул нерсе бир топ эркектерди "катардан" чыгарат", — деп жазылат макалада.

Булардан тышкары, склероз, өнөкөт простатит, өпкө оорулары, невроз жана депрессия дагы эркекти импотенцияга кептейт.

Интервью с менеджером по туризму Тимуром Акбашевым - Sputnik Кыргызстан
Кийим, килем, оюнчук... Эркекти булар тукумсуз кылат деп ким ойлоптур
Окумуштуулардын божомолдоосуна караганда, 2025-жылы 300 миллион эркек импотенцияга учурашы мүмкүн. Муну адистер эркектердин өз ден соолугуна шалаакы мамилеси жана жыныстык ден соолук тууралуу маалыматтын жоктугу менен байланыштырат.

Дүйнөлүк статистикага караганда, эркектик "касиеттен" ажырап калгандардын көпчүлүк бөлүгү интимдик жашоосу тууралуу дарыгерге айтуудан тартынып жүрүп ушул абалга жетет. Экинчи жарымы айрым учурда көйгөйлөр болуп жатканын билип турса дагы бар нерсеге ыраазы болуп жүрө берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0