Трамп менен Ким Чен Ын Түндүк Кореянын чек арасынан жолугушту. Видео

© REUTERS / Kevin LamarqueВстреча президента США Дональда Трампа с северокорейским лидером Ким Чен Ыном
Встреча президента США Дональда Трампа с северокорейским лидером Ким Чен Ыном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк Кореянын башчысы бул жолугушуу алдын ала пландалбаганын, түштөн кийин гана макулдашылганын айтты.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен эки Кореяны бөлүп турган аскерий-демаркациялык чийинден жолугушту. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

​Эки мамлекеттин башчылары чек арадан бири-биринин колун кысып, андан кийин Трамп Түндүк Кореянын жерине басып өттү. Ал жактан чогуу сүрөткө түшкөн соң Ким Чен Ын менен Трамп Түштүк Кореянын аймагына өтүп, аларды президент Мун Чжэ Ин тосуп алды.

Саммит лидеров G20 в Гамбурге - Sputnik Кыргызстан
Си Цзиньпин биринчи ирет иш сапары менен Түндүк Кореяга аттанды
Үч мамлекеттин башчылары Пханмундж аймагындагы "Тынчтык үйүндө" жолугушту.

Ким Чен Ын көптөн бери бири-бирин душман тутуп келген эки мамлекеттин башчыларынын кол алышуусу Түндүк менен Түштүк Кореянын кастык мамилесинин жок болгонун айгинелеп турарын айтты. Ошондой эле Түндүк Кореянын башчысы бул жолугушуу алдын ала пландалбаганын, түштөн кийин гана макулдашылганын кошумчалады. Андан сырткары, бул иш-чара Трамп менен анын "жакшы мамилесинен" улам гана ишке ашканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0