Трамп Сауд Аравиянын канзаадасын шакаба чекти

© REUTERS / HANDOUTДелегация стран G20 в Осаке
Делегация стран G20 в Осаке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канзаада аны ийинден ким таптап жатканын көрүү үчүн артка бурулуп эч кимди таппай калган.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп G20 саммити учурунда Сауд Аравиясынын мураскер канзаадасы Мухаммед бен Сальманды шакаба чекти. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Ага ылайык, Трамптын тамашасын "Хабр аль-Аджиль" порталы жарыялады.

​Видеодо Американын президенти жыйын өтүүчү залда баратып отургучта отурган канзааданы ийинден таптап өтүп кеткен. Сальман анын ким экенин көрүү үчүн артка бурулуп эч кимди таппай калган.

Быйыл G20 саммити Япониянын Осака шаарында 28-29-июнда өттү. Кийинки жыйын 2020-жылы Сауд Аравиясында болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0