Өлүм алдында жаткан кишилер эмне тууралуу ойлонот. Окумуштуулардын изилдөөсү

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүОперация по имплантации сердечного клапана в Научном центре сердечно-сосудистой хирургии им. А.Н. Бакулева
Операция по имплантации сердечного клапана в Научном центре сердечно-сосудистой хирургии им. А.Н. Бакулева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөгө катышкандардын айрымдары ойлонуусу ылдамдап, сезүү органдарынын активдешкенин айтышкан.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Даниянын, Германиянын жана Норвегиянын окумуштуулар тобу өлүм алдында жаткан кишилердин оюна эмне келерин иликтеген. Бул тууралуу MedicalXpress басылмасы жазды.

Германиянын канцлери Ангела Меркель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайра-кайра калчылдаган Ангела Меркель. Негизги версиялар айтылды
Ага ылайык, изилдөөгө катышкандардын 87 пайызы убакытты эсептөөдө жаңылышкан. 65 пайызы ойлонуусу ылдамдаганын айтышкан. 63 пайызы болсо сезүү органдары бир кыйла жакшырганын белгилешсе, 53 пайызы жандын денеден чыгып жаткан иллюзиясын сезишкен.

Андан сырткары, айрымдары эч нерсени ойлонбостон тынчтыкты сезип, "периштелердин" ырдаганын угушкан. Кээ бир кишилер болсо уктап жатканда бөлмөдө жалгыз эместей сезим болгонун айтып беришкен.

Окумуштуулардын изилдөөсүнө 35 мамлекеттен оор илдетке кабылып, өлүм алдында жаткан 1034 киши катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0