Учактан кулап каза таап... Билетсиз кетмекчи болгон кишинин өлүмү

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүү"Хитроу" аэропорту. Архивное фото
Хитроу  аэропорту. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун сөөгү Клэпам районундагы жеке үйлөрдүн биринин короосунан табылган.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. "Кения аба жолдорунун" учагы Лондондун үстүнөн учуп баратканда дөңгөлөктөр жайгашчу жерге түшүп алган киши кулап каза тапкан. Бул тууралуу РИА Новости Скотланд Ярдга таянуу менен билдирди. 

Учурда тийиштүү органдар окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Маркумдун сөөгү Клэпам районундагы жеке үйлөрдүн биринин короосунан табылган. Окуя болгон жерге келген полиция менен дарыгерлер сөөктү алып кетишкен.

"Полиция кишинин ким экенин тактаганга аракет кылат. Тыкыр иликтөө окуянын чоо-жайын так билгенге жардам берет", — деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.

Алдын ала маалымат боюнча, маркум билети жок болгондуктан учактын дөңгөлөктөр салынчу жерине түшүп алган болушу ыктымал. "Кения аба жолдорунун" Хитроу аэропортуна учуп келген учагын текшерип, анын дөңгөлөк салчу жеринен баштык, суу жана бир аз тамак-аш табышкан.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0