Таиландда тиш доктур аялдын жаагына унутуп калган аспап 5 жылдан кийин алынды

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүСтоматолог. Архив
Стоматолог. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял беш жыл мурда тишин жулдурган. Операция учурунда аспаптардын биринин учу сынып, анын жаагында калып калган.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Таиланддын Кхонкэн шаарынын дарыгерлери 33 жаштагы Криттика Риттихандын жаагынан беш жыл мурда калып калган аспаптын калдыгын чыгарышты. Бул тууралуу Asia One порталы жазды.

Германия канцлери Ангела Меркель Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Ангела Меркель дене боюн калтырак баскан себебин түшүндүрүп берди
Аял беш жыл мурда тишин жулдурган. Операция учурунда аспаптардын биринин учу сынып, анын жаагында калып калган. Бирок ошол учурда дарыгерлер аспаптын калдыгы өзү чыгат деп ишендирип, ооруканадан чыгарышкан. Бир аз убакыт өткөндөн кийин аял жаагынын бир бөлүгү жана тили эч нерсе сезбей калганын айтып даттанган.

Быйыл жыл башында Риттихан адистерге кайрылып, аспаптын сынып калган учу дагы деле жаагында экенин билген. Анын кесепетинен жаагына инфекция кирип, сезгенүүгө алып келген. Дарыгерлер алгач бейтапка вируска каршы дарыларды берип, кийин операция жолу менен аспаптын калдыгын алып чыгышкан. Риттихан операциядан кийин өзүн бир кыйла жеңил сезип калганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0