Россия: суу алдындагы кемеде чыккан өрттөн 14 моряк каза болду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКеме. Архив
Кеме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге каргаша тууралуу маалымат берди.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Суу алдындагы кемеде чыккан өрттөн 14 моряк каза болду. Алардын экөө Россиянын баатыры экенин РИА Новости агенттиги билдирди.

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге каргаша тууралуу маалымат берди.

"Каза болгон 14 кишинин жетөө биринчи рангдагы капитан болсо, экөө Россиянын баатыры. Бул чоң жоготуу", — деди Путин.

Президент маркумдардын жакындарына көңүл айтып, аларга колдоо көрсөтүүнү тапшырды. Андан сырткары, коргоо министри Шойгуну Североморск шаарына барып, окуянын чоо-жайын тыкыр иликтөөгө милдеттендирди.

Родители, я вас люблю! Военный записал видео во время взрывов в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
"Эгер тирүү калбасам...". Казакстандагы жарылууда аскердин ыйлап жаздырган видеосу
Шойгу чыккан өрт команданын ыкчам аракети менен жайылбай өчүрүлгөнүн билдирди.

"Учурда суу алдындагы кеме Североморск шаарындагы базада турат. Аны текшерүү жана окуянын себебин аныктоо үчүн аракеттер көрүлүүдө", — деди министр.

Каргашадан улам премьер-министр Дмитрий Медведев менен Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин да көңүл айтты.

Окуя 1-июлда болгон. Суу кемеси Россиянын аскер-деңиз флотунун кызыкчылыгы үчүн океандын түбүн изилдеп жаткан. Өрт батиметриялык ченөө иштерин аткаруу учурунда чыккан, моряктар иске ууланып калганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0