Окумуштуулар өлүмдү эртелеткен азыктарды атады

Жазылуу
Адистер 1990-жылдан 2017-жылга чейин 195 өлкөнүн жарандарынын маалыматтарын иликтөөгө алышкан.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Окумуштуулар өлүмдү эртелеткен азыктардын тизмесин жарыялаганын "Известия" жазды.

Адистер 1990-жылдан 2017-жылга чейин 195 өлкөнүн жарандарынын маалыматтарын иликтөөгө алышкан. Натыйжада кайсы азыктар ден соолукту жабыркатары маалым болгон.

"Саламаттыкка залакасын тийгизген азыктардын сап башында туз турат. Андан кийинки орундарга таттуу суусундуктар, малдын эти жана кайра иштетилген эт азыктары кирет", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле окумуштуулардын айтымында, рациондо жемиш, жаңгак, чемичке, жашылча, клетчатка, буурчак, омега-3, кальций жана сүт азыктары аз болсо ден соолуктун начарлашына алып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0