Назарбаевдин жээн небереси Лондондо полицияга кол салды деп күнөөлөнүүдө

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЛондон шаары. Архив
Лондон шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жактоочу Айсултан Назарбаевдин баңгизатка көз каранды болуп калганын жана учурда ал үчүн ылайыктуу клиника изделип жаткандыгын айткан.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Лондондун Сазарк районундагы Королдук сот Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси 28 жаштагы Айсултандын иши боюнча алдын ала угууларды өткөрдү. Ал баңгизаттын таасири менен полиция кызматкерине каршылык көрсөтүп, чаап жана тиштеп алгандыгы айтылууда. Бул туурасында BBC жазды.

Президент Казахстана Нурсултан Назарбаев - Sputnik Кыргызстан
Казакстанды 30 жылга чукул башкарды... Нурсултан Назарбаев тууралуу 15 факты
Айсултан Назарбаев — Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин уулу. Сандхерсттеги Королдук аскер академиясынын бүтүрүүчүсү.

Соттук алдын ала угуу 4-июлда башталып, журналисттер үчүн ачык өтүүдө. Назарбаевдин жээни азырынча кайтарууда жана ал полиция кызматкерлерине кол салгандыгын жашырган жок.

Айсултан Назарбаев сот залындагы айнек бөлмөдө отурган жана аны күзөтчүлөр коштоп келген. Процесс учурунда бир да сөз айтып, ооз ачкан эмес, ага суроо да берилген жок.

Күнөөлөп жаткан тарап Грегор Маккинли экс-президенттин жээни Айсултан Назарбаев 2019-жылдын 3-июнунда Лондондогу мейманканалардын биринде чуу салганын айтты. Балконго чыгып алып секирип өлөм деп коркуткандыгын кошумчалады.

5-июнда мындай көрүнүш Лондондун борборундагы квартиралардын биринде кайталанган. Кошуналары Айсултан Назарбаевдин бул кылыгынан улам полиция чакырган. Маккинлинин айтымында, ал агрессивдүү болуп, жанын кыям деп кайрадан коркутуп, чакырык менен келген полиция кызматкери Росс Самбрукту төшкө бир коюп, сол колун тиштеп алган. Бул кылыктан кийин ал электрошокер колдонууга аргасыз болгон.

Мындан улам Айсултан Назарбаев кишиге зыян келтирип, мүлкүн талкалаган деп күнөөлөнүп жатат.

Чыр салган Айсултанды полицияга алып барышкан. Маккинли полицияга "казак бийлигинин өкүлдөрүнөн" телефон чалышып, Назарбаевдин үй-бүлөсүн "уят кылбаш" үчүн ишти басып коюуга аракет кылышкандыгын айтты. Бирок полиция "алар менен байланышкандан баш тарткан" деп кошумчаланды.

Мамлекеттик күнөөлөөчү Айсултан Назарбаев кокаин пайдалангандыгын, андан улам агрессивдүү болгондугун айтты. Нурсултан Назарбаевдин небересинин паспортун алып коюшкан.

Грегор Маккинли сотто жогорку даражалуу үй-бүлө күнөөлөнүп жаткан адамдын жоопкерчиликтен качып, Улуу Британиядан чыгып кетиш үчүн ага дипломатиялык паспорт алып берип жардам кылышы мүмкүндүгүн айтып, бирок ага жол бербөөгө чакырды.

Ал эми казакстандык Zakon.kz Айсултан Назарбаевдин атын айткысы келбеген досторуна шилтеме кылып, анын 5-июнда эч кандай чыр чыгарбагандыгын билдирген.

Председатель комитета по международным отношениям, обороне и безопасности сената РК Дарига Назарбаева - Sputnik Кыргызстан
Дарига Назарбаева Токаевдин ордуна парламент сенатынын төрайымы болду
Анын сүйлөшкөн кызы капыстан эшикти беките жаап салгандыктан, ичине терезе аркылуу кирип, ачууну суранган. Муну көргөн кошуналар полиция чакырып ийишкен. Ал эми тартип коргоочуну Айсултанга "азия тектүү көрүнүшүнөн улам" орой мамиле жасады деп күнөөлөгөн.

Назарбаевдин жактоочусу Алисдэйр Уильямсон анын кардары британиялык мыйзамдарга урмат менен мамиле кыларын айткан. Айсултан из жашырбай тургандыгын, мындай кадам "ал үчүн уят деп эсептелээрин" кошумчалаган.

Адвокаты Айсултан Назарбаев күрөө катары 90 миң фунт төлөп, жогоруда сөз болгон батирде жашап турууга чектөөлөр менен уруксат берүүнү сурады.

"Ал сөзсүз үйдө түнөйт жана күн сайын полицияга келип, көрүнүп турат", — деди ал.

Жактоочу Айсултан Назарбаевдин баңгизатка көз каранды болуп калгандыгын жана учурда ал үчүн ылайыктуу клиника изделип жаткандыгын айткан.

Айсултан Назарбаев 2017-жылы өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына баңгизаттарын атасы Рахат Алиевдин өлүмүнөн кийин колдоно баштагандыгын билдирген жайы бар. Расмий маалыматтарда Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Казакстандан Австрияга качып, ал жерден өзүнө-өзү кол салып, көз жумган. Постунда Айсултан Назарбаев баңгизаттан арылууга таятасы менен Жараткан жардам бергендигин жазган.

Колго тийген камчы, берилген бата. Назарбаевдин гүлгүндөй жаштыгы видеодо - Sputnik Кыргызстан
Колго тийген камчы, берилген бата. Назарбаевдин гүлгүндөй жаштыгы видеодо
Судья Филипп Барбел күнөөлөнүп жаткан Айсултан Назарбаевди бир шарт менен — баңгизаттан арылуу үчүн атайын клиникага жатууга макул болсо күрөө менен коё берүүгө макул экендигин айткан. Сот мүмкүн болсо белгилүү Priory клиникасына барыш керектигин белгилеген. Priory — баңгизаттарына байланып калган белгилүү болгон музыканттар Эмми Уайнхаус жана Робби Уильямс, футболчу Жорж Бест жана актер Жонни Депп реабилитациядан өткөн медициналык белгилүү жай.

Маалыматта эми Айсултан Назарбаевдин айланасындагылардын милдети клиниканын абалына баа берип жана дарылануу зарылдыгын бекемдеп берүү, болбосо ал камакта калары жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0