Сыйладыбы же... Меланья Трамптын жыгачтан жасалган келбети

© AFP / JURE MAKOVECСловенияда орнотулган АКШнын биринчи айымы Меланья Трамптын жыгачтан жасалган келбети
Словенияда орнотулган АКШнын биринчи айымы Меланья Трамптын жыгачтан жасалган келбети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыгач статуя Сава дарыясынын жээгине орнотулуп, шаарга кирип келе жаткандарга кол көтөрүп, учурашып, тосуп алып турат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Словенияда өткөн көргөзмөнүн алкагында АКШнын биринчи айымы Меланья Трамптын жыгачтан жасалган келбетин келгендерге көрсөтүштү. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Иш-чара ал чоңойгон Севница шаарынын жанында болгон.

"Чоң канааттануу менен Рожно аймагындагы "Меланья" статуясынын ачылышына чакырабыз", — деп кабарланган иш-чаранын алдында.

​Жыгач статуя Сава дарыясынын жээгине орнотулуп, шаарга кирип келе жаткандарга кол көтөрүп, учурашып, тосуп алып турат.

Африка боюнча болгон турненин алкагында Кенияга барган Меланья Трамп - Sputnik Кыргызстан
Кенияга барган Меланья Трамп кайрадан сөзгө калды
Маалыматта статуяны ачуу америкалык Брэд Дауни аттуу сүрөтчүнүн "Бул жаңырык" деп аталган көргөзмөсү менен коштолгону айтылат. Анын экспозициясы Словениянын Любляна шаарына бир күн мурда жайгаштырылган.

Жергиликтүү уста — тактай таарыгыч жасаган статуянын концепциясы аталган сүрөтчүгө тиешелүү экендигин айтышты.

Жыгачтан жасалган биринчи айым күйөөсү Дональд Трамптын инаугурациясына кийип келген көк костюмчан турат.

Сүрөттөрдөн Меланья Трамптын кебетеси "баёо искусство" жанрында жасалганын байкоого болот. Маалыматта мындай учурда объектинин колу-буттарын жана жүзүн жасоодо оройлуктар кетирилери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0