Согуш талаасынан эгиз бала төрөдүм... Сириядан кайткан казак келиндин баяны

© Sputnik / Михаил Алаеддин / Медиабанкка өтүүИдиш аяк жууп жаткан аял. Архив
Идиш аяк жууп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жусан" гуманитардык операциясынын жардамы аркылуу 26 жаштагы келин беш баласы менен аман-эсен мекенине кайтарылган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Сириядан кайтып келген 26 жаштагы Жанар Кужантаева "Мой город" порталына согуш жүрүп жаткан жерге кандайча кетип калганын, ал жактан көргөн кордуктарын жана кантип мекенине кайтып келгенин айтып берген. Келиндин окуясын Sputnik Казакстан агенттиги жарыялаган.

Жанар Кужантаева Сирияга 2013-жылы 20 жашында бир жашар кызы менен кеткен. Берген маегине таянсак, турмушка чыкканга чейин ал динге берилбеген кыз болчу. Кийин Шамиль аттуу бала менен таанышып, ага турмушка чыгат. Жолдошу үлпөт той бүтөрү менен ага хиджаб кийгизип коёт. Ал аз келгенсип курбулары менен сүйлөшүп, жогорку билим алып, иштөөгө тыюу салган.

"Күйөөм Сирияга кетерин мага айткан эмес. Бул тууралуу жолдошум кетер күнү гана уктум. "Баары жакшы болот" деп ишендирип, жетери менен чаларын айтып кеткен", — деди Жанар.

Возвращение на родину граждан Узбекистана у из зоны вооруженных конфликтов на Ближнем Востоке - Sputnik Кыргызстан
Мирзиёев Сирияга алданып кеткен 156 жаранын кайтарып алды
Ошол учурда келин экинчи баласын күтүп жаткан. Күйөөсү бир жумадан кийин чалып, кызы менен Сирияга барып калууну айтат. Жанар Кужантаеваны ата-энеси согуш талаасына жибербей, алып калууга аракет кылышкан. Бирок ал эч нерсеге карабай, кызын алып Сирияга жөнөп кеткен.

"Алгач Кыргызстанга барып бир жумадай жүрдүк. Андан соң Түркияга барып, ал жактан Сириянын чек арасына чейин автобус менен жетип алдым", — деди Кужантаева.

Сирияга жеткенде аны эркек кишилер тосуп алып, атайын бир кыштакчага алып барышкан.

"Жолдошума жолуктум. Барарым менен ага "кокус кандайдыр бир коркунуч жаралса дароо кетем" деп айткам. Бирок андай болгон жок. Эки жылдан кийин Шамиль каза болуп, үч бала менен жалгыз калдым. Көп өтпөй, ой-боюма койбой, күч менен башка бирөө аялдыкка алды. Ал адамдан эгиз бала төрөдүм", — деди келин.

Ал беш баласын эптеп баккан. Айтымында, Сирияда наристелердин көбү ачкадан, анан ооруп каза болушат.

"Балдарымдын курсагын тойгузуу үчүн кебек чогултуп, аларды сууга кайнатып өзөк жалгап жаттык. Суусу да кир, туздуу болчу. Балдар тез-тез ооруйт, эч кандай дары-дармек жок. Наристелердин көбү кичине кезинде эле ачкадан же ооруп каза болчу", — деди Кужантаева.

Анын айтымында, согушпай мекенине кайтам дегендердин көбүн камап же өлтүрүп салышчу.

"Мен деле өз алдынча өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылдым. Бирок билип калышып, документтеримди алып, артыман аңдып жүрүштү", — деп Жанар маегинде айтып берген.

Ирано-иракская война - Sputnik Кыргызстан
Көчөдө табыт ташып калышкан. Майданга айланган Иракта жашап келген кыргызстандык
26 жаштагы Жанар Сирияда алты жыл жүргөн. Ал Казакстандагы үйүнө бир жума мурда эле келип, эми жаңы жашоо баштап, балдарына татыктуу тарбия берүүгө аракет кыларын айтууда.

Казакстандыктарды мекенине кайтаруу операциясы

"Жусан" деп аталган алгачкы гуманитардык операция 6-январда жүргүзүлүп, анын алкагында Сириядан 47 казакстандык жаран эвакуацияланган. Алардын 30у балдар, 11и аялдар жана алты эркек болгон.

Экинчи ирет мындай операция жетинчи жана 9-май күнү өттү. Сириядан Казакстандын 231 жараны кайтарылган. Анын 156сы балдар экени маалым.

Үчүнчү жолу майдын аягында өтүп, анда 67 аял, 171 бала мекенине алынып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0