Грузияда чуу чыкты: эл Путинге орой сөз айткан алып баруучуга нааразы болууда

© Sputnik / STRINGERСтихийный митинг у телеканала "Рустави 2" в Грузии
Стихийный митинг у телеканала Рустави 2 в Грузии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тбилисиде үч аптадан бери нааразычылык акциялары өтүп жатат.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Грузиянын "Рустави 2" телеканалынын "Постскриптум" берүүсүнүн жекшемби күнкү чыгарылышы Россия президенти Владимир Путиндин дарегине айтылган орой сөздөр менен башталган. Бул тууралуу Sputnik Грузия агенттиги жазды.

Бул интернеттин грузин сегментиндеги колдонуучуларын, саясатчыларды жана активисттерди нааразы кылды. Телеканалдын имаратынын алдына жүздөгөн киши митингге чыгып, жетекчиси Ники Гварамия менен берүүнүн алып баруучусу Георгий Габуния кечирим сурасын деген талапты коюшууда. Ошондой эле "экөө тең ээлеген кызматынан бошоп, керек болсо мыйзам алдында жооп бериши керек" дегендер дагы бар.

Странное поведение Владимира Зеленского попало на видео - Sputnik Кыргызстан
Владимир Зеленскийдин адаттан тыш жүрүм-туруму видеого түшүп калды
Бул берүү эфирге Грузиянын Россия менен пикир келишпестиктеринин фонунда чыгарылган. Белгилей кетчү жагдай, Тбилисиде үч аптадан бери нааразычылык акциялары өтүүдө. Митинг Россиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Сергей Гавриловдун Грузияга православдык парламент аралык ассамблеянын президенти катары баргандан кийинки чуудан улам жаралган. Оппозиционерлер Грузия бийлиги өлкөнү сатып кетти дешүүдө. Өз кезегинде бийликтегилер Тбилисидеги иш-чаранын уюштуруучулары "протоколдук ката" кетиргенин айтып чыгышкан.

Москва Россияга каршы акцияларга жооп катары Грузия менен байланышчу аба каттамдарын токтотуп койгон. Бул чечим бүгүн, 8-июлда, күчүнө кирди. Ошондой эле россиялык туристтик агенттиктер да Грузияга саякат турларын токтотуп коюшкан.

Бийликтин реакциясы

Өлкө президенти Саломе Зурабишвили алып баруучу коңшу өлкөнүн башчысынын дарегине мындай орой сөз айтышы акылга сыйгыс нерсе деп баалады.

"Журналист Грузиянын кызыкчылыгына каршы иш кылыптыр. Анын сөздөрү жаңы согуш ачууга себеп болобу же ишке ашпай калган төңкөрүш үчүн өч алуубу, айырмасы жок. Кандай болгон күндө дагы өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иш жасалды", — деп жазган Зурабишвили өзүнүн Facebook баракчасына.

Ал эми премьер-министр Мамука Бахтадзе Габуниянын сөзүн өлкөдөгү абалды курчутууга болгон аракет катары баалады.

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги дагы телеканалдын бул кадамы ансыз дагы оңой болбой турган Россия — Грузия мамилесин солгундатууга түрткү болот деген пикирин жарыялады. 

© Sputnik / STRINGER"Рустави 2" телеканалынын имаратынын алдына жүздөгөн киши митингге чыкты
Грузияда чуу чыкты: эл Путинге орой сөз айткан алып баруучуга нааразы болууда - Sputnik Кыргызстан
"Рустави 2" телеканалынын имаратынын алдына жүздөгөн киши митингге чыкты

Каналдын реакциясы

Телеканал өзү эки ирет жооп кайтарды. Биринчисинде журналисттин кылыгы үчүн кечирим сурашкан.

"Постскриптум" берүүсүндө айтылган сөздөр үчүн көрүүчүлөрдөн кечирим сурайбыз", — деп айтылган алгачкы билдирүүдө.

Бирок ошол эле учурда бийликке кыр көрсөтүүдө.

"Алып баруучунун этикалык стандарттарды бузгандыгы үчүн бийлик өкүлдөрүнүн жогорудагыдай билдирүү таратканы — сөз эркиндигине чектөө койгону. Грузиянын Конституциясында ЖМКлар эркиндиги жөнүндө так айтылган. Эми бийлик телеканалды жок кылуу аракетин көрүшү мүмкүн. Андыктан коомчулукту журналисттин кемчиликтеринен тышкары, бийликтин билдирүүлөрүнө дагы тыкыр көңүл бурууга чакырабыз", — дешти кийинки билдирүүсүндө.

Көп өтпөй телеканалдын директору Ники Гварамия жогору жактан өзүнүн жана журналисттеринин коопсуздугу боюнча кепилдик алмайынча, канал иштебей турганын жар салды. 

© Sputnik / STRINGER"Рустави 2" телеканалынын имаратынын алдына жүздөгөн киши митингге чыкты
Грузияда чуу чыкты: эл Путинге орой сөз айткан алып баруучуга нааразы болууда - Sputnik Кыргызстан
"Рустави 2" телеканалынын имаратынын алдына жүздөгөн киши митингге чыкты

Эми эмне болот?

"Рустави 2" телеканалынын имаратынын алдына митингге чыккан эл дүйшөмбү күнү түштө чогулмай болуп тарап кетишкен. Алар "алып баруучу кызматтан кетсин" деген талапты коюуда.

Дүйшөмбү негизи эле митингдерге бай болгону турат. Мисалы, телеканалга нааразы болгондордон тышкары, ички иштер министринин отставкасын талап кылган топ парламенттин алдына жана ЛГБТ-активисттери көчөгө парадга чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0