БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары буту-бутуна тийбей чуркаган таш баканын видеосуна таңыркашууда. Бул тууралуу "Ридус" порталы жазды.
Видеодо ордунан шашпай козголгон таш бака бир маалда чымын-куюн болуп сууну көздөй чуркаганын көрүүгө болот. Чакан ролик 3,1 миллиондон ашык жолу көрүлдү.
Көптөгөн колдонуучулар таш баканын ылдамдыгына ишенбей жатканын жазышса, бул жандыкты багып жүргөндөр таң кала турчу деле эч нерсе жок экенин айтып, бул жаныбарлар кээде ушинтип эле чуркай турганын белгилешкен.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Учурда адамзат коронавирустун жеткен чегинде турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) техникалык жетекчиси Мария Ван Керхове билдирди. Анын сүйлөгөнү Twitter тармагына жүктөлдү.
"Учурда биз пандемиянын оор мезгилин баштан кечирип турабыз. Эпидемиялык сызык өйдө көтөрүлүп баратат. Жети жумадан бери COVID-19дун өскөнү байкалууда. Өткөн жуманын ичинде 4,4 миллиондон ашык адамда оору аныкталган. Бул биз көздөгөн багыт эмес, ошондуктан ага олуттуу карашыбыз керек", — деген Керхове.Ошол эле учурда ДССУ башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус инфекциясын жуктургандар жети жумадан бери, андан көз жумгандар төрт аптадан бери көбөйүп жатканын айткан. Ушул жылдын январь жана февраль айларында оорулуулар азайып калганын белгилеген.
Акыркы антирекорд Индияда коюлганын, сутка ичинде 170 миң кишиден вирус чыкканын айткан.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө 136 миллиондон ашуун кишиден вирус чыгып, 2,9 миллион адам көз жумду. Оору көп аныкталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Индия жана Бразилия турат.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Тибеттик буддисттердин лидери Далай-лама өлкө башчылардын арасына аялдар көбүрөөк кошулса дүйнө жүзү коопсуз болот деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Окумуштуулардын айтымында, аялдар табиятынан мээримдүү келет. Ааламда тынчтык болушу үчүн аялдар коомдо активдүү ролду ойноп, боорукерликти жайылтуу иши боюнча милдеттерди алышы керек. Дүйнөдө аял-жетекчилер бар. Алардын саны мындан да көп болсо дүйнө жүзү коопсуз болмок", — деген Далай-лама.
Ал жетекчилик кызматты эркектер аркалап, аялдар алардын көлөкөсүндө калган түшүнүк эскиргенин, мындай ойду өзгөртүү керектигин айткан. Бул үчүн аялдарга билимин тереңдетүүгө кеңеш берген.
Мындан тышкары, ал бир нече жыл мурун "эгерде Далай-лама институту улана берсе, келечекте Далай-лама аял болуп төрөлүшү мүмкүн" деп айткандыгын эске салды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын I кварталында кыргызстандыктардын жашоо минимумунун көлөмү 13 пайызга көбөйүп, 5 840,40 сомду түздү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети маалымдады.
Жашоо минимумунун эң жогорку көлөмү Бишкекте, Ош шаарында жана Ош облусунда байкалган.
Жашоо минимуму — бир жаран ушунча акча менен бир ай жанын бага алат дегенди түшүндүрөт.
Белгилей кетсек, кабыл алынган жаңы Конституцияда пенсия, жөлөк пулдарды жашоо минимумунан кем эмес төлөө кепилденген. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.