Аюу. Архив

АКШда аюу "уурдап бараткан" автоунаасын талкалап салды. Сүрөт

592
(жаңыланган 13:12 10.07.2019)
aksh-ayuu-unaa-talkaloo Кырсык болгондон кийин аюу машинанын ичинен чыгып кетүүгө үлгүргөн.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Американын Боулдер шаарында аюу машинаны "уурдап баратып", жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында полициянын маалымат кызматы Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.

Аюу ичи бекитилбеген автомашинанын ичине киргенден кийин кокусунан эшиги жабылып калган. Кайра чыгууга жандалбастаган жаныбардын колу-бутунун бирөө ылдамдыкты жөнгө салуучу өткөргүчкө тийип, автоунаа ордунан жылып кеткен. Айдоочусу жок автоунаа даракты сүзгөн. Андан кийин жырткыч салондон чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Мунун кесепетинен автокөлүк талкаланып калган.

Полициянын маалымат кызматы жергиликтүү тургундарды бул окуяны мисал катары келтирип, автоунааларды ачык калтырбоону эскертти.

592
Белгилер:
унаа, кырсык, аюу, АКШ
Тема боюнча
Калдайган эки аюунун алышканы видеого тартылып калган
UFC уюмунун кыргызстандык чемпиону Валентина Шевченко

Шевченко World MMA Awards премиясына эки категория боюнча көрсөтүлдү

5
(жаңыланган 12:43 02.07.2020)
Программада жалпысынан 22 категория бар. Жеңүүчүлөр күйөрмандардын көпчүлүк добушу менен аныкталат.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. UFC уюмунун кыргызстандык чемпиону Валентина Шевченко абройлуу World MMA Awards эл аралык премиясына көрсөтүлдү.

Расмий сайтта белгиленгендей, кыргызстандык спортчу дароо эки категорияда номинант болгон.

"Жылдын мушкер айымы" категориясында Шевченкого Вэйли Чжан, Кайла Харрисон, Крис "Сайборг" Джустино жана Аманда Нуньес атаандаштык кылат.

Мындан тышкары, Валентина "Жылдын эл аралык аренадагы мушкери" номинациясында Вэйли Чжан, Камару Усман, Исраэль Адесанья жана Аунг Ла Нсанг менен ат салышат.

Шевченконун каршылашы ким болушу мүмкүн? UFC башчысынын жообу

World MMA Awards сыйлыгы Fighters Only журналы тарабынан 2008-жылы негизделген. Ага 22 категория камтылып, мыкты мушкерлер эле эмес, элдин эсинде калган нокауттар, беттештер, спорттук залдар, ТВ-программалар жана маалымат агенттиктери тандалат. Жеңүүчүлөр күйөрмандардын добушу менен аныкталат.

Мыктыларды сыйлоо аземи октябрга белгиленген.

5
Белгилер:
добуш, сыйлык, тандоо, номинация, Валентина Шевченко
Тема боюнча
Башка, бетке, чыкыйга тээп... UFC беттешиндеги эсте калчу учурлардын видеосу
Пекиндеги Кыргыз Республикасын желеги. Архив

ТИМ Кытайдан келе албай жаткан кыргызстандыктар боюнча үн катты

24
ТИМдин билдиришинче, июнь айынын ортосунда Кытайдан 30га жакын адам кайтуу ниетин билдирген. Каттамда жүргүнчүлөр канчалык аз болсо, билеттер ошончолук кымбатка түшөрү белгиленди.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Кытайдан келе албай жаткан мекендештердин абалы боюнча билдирүү жасады.

ТИМ белгилегендей, чек аралардын жабылганына байланыштуу кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу кыйын болууда. Бирок мекеме анын бир нече жолун караштырып жатат.

"Мекендештерди кайтаруунун варианттарын азыр ачык айта албайбыз. Себеби элдин оюн адаштырбашыбыз керек", — деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, июнь айынын ортосунда ал жактан 30га жакын адам өлкөгө кайтуу ниетин билдирген.

"Мындай сан менен чартердик рейсти уюштуруу мүмкүн эмес. Бөтөнчө пандемияда чек аранын жабылышына байланыштуу анын ишке ашышы кыйын. Каттамда жүргүнчүлөр канчалык аз болсо, билеттер ошончолук кымбатка түшөт", — деп айтылат маалыматта.

ТИМдин консулдук кызматы жарандарды кабыл алууну токтотту. Байланыш жолдору

КРдин Кытайдагы элчилиги мекенине кайтууну каалаган жарандар (алардын көпчүлүгү студенттер) жөнүндө маалымат чогултууну улантууда. Дипломатиялык өкүлчүлүк +8 (6106) 468-13-48, + 8 (61358) 190-28-01, +8 (61861) 173-63-40 номерлерине чалууну өтүнөт. Ошондой эле kgembassy.cn@mfa.gov.kg дарегине дагы кат жазса болот. Ал жакка аты-жөнүн, паспорттун көчүрмөсүн жана номерин, туулган жылын, Кытайга барган максатын, уюлдук телефонунун номерин жана Кыргызстанга кайтуусунун себебин жазышы керек.

Элчилик кырдаал тууралуу жарандарга маалымат берип турат. Мындан тышкары, Кытайдагы университеттердин жетекчилерине окуусун бүтүп жаткан студенттерди жатаканада жайгаштырып турууну өтүнгөн.

24
Белгилер:
студент, пандемия, каттам, ТИМ, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
ТИМдин консулдук кызматы жарандарды кабыл алууну токтотту. Байланыш жолдору

Өлкөнүн алдыңкы атлеттери спорт журналисттерин куттуктап, ыраазычылык айтты. Видео

0
(жаңыланган 12:55 02.07.2020)
Бүгүн, 2-июлда, Кыргызстанда спорт журналисттеринин кесиптик майрамы белгиленип жатат. Бул күндү утурлай өлкөнүн алдыңкы спортчулары жана машыктыруучулар аларды куттукташты.

Атлеттердин куттуктоосу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин YouTube каналына жарыяланды.

Спортчулар журналисттердин ишине ийгилик каалап, алардын ийгилигин элге бөлүшкөндүгү үчүн ыраазычылык айтышкан. 

Ат-Башыдан Бишкекке чейин чуркап, 400 чакырымды багынткан Оболбек. Сүрөттөр

Ошондой эле кабарчыларды Спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов да куттуктап, алардын спорт тармагына кошкон салымын белгилеген.

“Спортук тематика ар убак актуалдуу, көп кырдуу жана кызыктуу болуп кала беришинде сиздердин салымыңыздар чоң. Жараткан эмгегиңиздер кесипкөй спортчуларды шыктандырат жана жаңы чемпиондордун жаралышына өбөлгө түзөт. Кыргызстан калкынын арасында дене тарбия жана спортту популяризациялоого, дени сак жашоо мүнөзүн жайылтууга кошкон жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем”, — деген Аманкулов.

Ал журналисттерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана чыгармачылык ийгилик каалаган.

Спорт журналисттеринин эл аралык күнү жыл сайын 2-июлда белгиленип келет. 2013-жылы Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Кыргызстандын спорт журналисттеринин клубу түзүлгөн.

0
Белгилер:
видео, куттуктоо, журналистика, спорт, Кыргызстан
Тема боюнча
Шевченко World MMA Awards премиясына эки категория боюнча көрсөтүлдү
КМШ өлкөлөрүнүн биринчи спорттук турнирин сентябрда өткөрүү пландалууда
Месси карьерасындагы 700-топту киргизди