Мусулмандар. Архивдик сүрөт

Ажылык учурунда селфи кылса болобу? Адистин пикири

747
Быйыл ажылыкка барчу биринчи топ 17-июлга караган түнү Бишкектен Мекке шаарына учуп кетет.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Россиянын муфтийлер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Рушан Аббясов ажылык сапар учурунда сүрөткө түшкүсү келгендерге анын жол-жобосун түшүндүрдү. Диний кызматкердин пикирин Sputnik Тажикстан агенттиги жарыялады.

"Албетте, ыйык жайга барган ар бир киши эстелик үчүн сүрөткө түшүп, аны бала-бакырасына, туугандарына, досторуна көрсөткүсү келет. Анүстүнө азыр ар бир адамдын колунда смартфон бар. Негизи ажылык сапар учурунда сүрөткө түшүүгө тыюу салынган эмес. Бирок колдон келишинче сыйынууга артыкчылык берилиши зарыл", — деди Аббясов.

Ошондой эле ал зыяратчыларга сапар алдында өзүн-өзү туура алып жүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Эске салсак, быйыл ажылыкка барчу биринчи топ 17-июлга караган түнү саат 3.45те Бишкектен Мекке шаарына учуп кетет. Сауд Аравиясы Кыргызстанга 6010 квота бөлүп, жалпы жонунан 18 аба каттамы каралган. Меккеге бара турган зыяратчыларды 109 ажы коштоп жүрөт.

747
Белгилер:
Мекке, ажылык сапар, селфи, Сүрөт
Тема боюнча
Кыргызстандык зыяратчылар үчүн кошумча 500 квота бөлүндү
Муфтият ажылык сапар башталчу так күндү айтты
Ажылык сапарга кантип барса болот? 2019-жылдагы каттоо убактысы, талаптары
RT телеканалынын логотиби. Архив

RT аймактагы журналисттер жана блогерлер үчүн медиа мектеп уюштурат

17
(жаңыланган 21:00 02.07.2020)
Медиа мектептин угуучулары элге кеңири тарап кеткен видеолорду тартып жана аны монтаждоону, социалдык тармактар үчүн уникалдуу контенттерди жасаганды үйрөнүшөт.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. RT телеканалы "RT - Регион" деп аталган бекер медиамектептин ишин баштайт. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Анда аймактык журналисттер менен блогерлерге уникалдуу контент түзүүнү үйрөтүшөт. Аны менен катар эле аймактык маалыматтарды кантип республикалык, федералдык деңгээлге алып чыгуу жолдорун айтып беришет.

"RT - Регион" медиамектебинин угуучулары элге кеңири тарап кеткен видеолорду кантип тартып жана аны монтаждоону, социалдык тармактар үчүн уникалдуу контенттерди жасаганды үйрөнүшөт. Белгилүү журналисттер жана медиаменеджерлер алар менен иштин юридикалык өңүтүн жана кесиптин ой-чуңкурун талкуулашат", —  деп айтылат маалыматта.

Респонденттин ымандай сырын кантип ачыш керектигин буга чейин тажрыйбалуу журналист "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин экономикалык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Ирина Андреева айтып берген.

17
Белгилер:
Russia Today, контент, журналист, окутуу
Тема боюнча
Соцтармакта кантип популярдуу болуу керек? Россиялык журналисттин мастер-классы
Россиянын президенти Владимир Путин

Бийлик ишенимди актоого болгон күчүн жумшайт. Путин элге ыраазылык билдирди

87
Россия БШКсы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча берилген добуштардын протоколдорун толук эсептеп чыкты.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча добуш берген россиялыктарга ыраазылыгын билдирип, бийлик алардын ишенимин актоо үчүн бардык күчүн жумшарын айтты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Россия БШКсы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча берилген добуштардын протоколдорун толук эсептеп чыкты.

Россиянын Конституциясына түзөтүү киргизүүгө макул болгондор добуш бергендердин 77,92 пайызын түзсө, каршы пикирин айткандар 21,27 пайыз болгон.

Келгендер жалпы добуш берүүчүлөрдүн 67,97 пайызын түзгөн. Мыйзам бузуулар же арыздануулар катталган эмес.

Эл бир апта — 25-июндан 1-июлга чейин добуш берди. Алгач 22-апрелге пландалып, бирок пандемиядан улам кийинки мөөнөткө жылдырылган.

РФтин Баш мыйзамына түзөтүү киргизүү. Жакынкы өлкөлөрдө добуш берүү кандай өттү

Баш мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөрдө президентке, өкмөткө жана ар кыл деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерге талаптар жаңыланган. Жарандарга мамлекеттик социалдык кепилдиктерди бекитүү, парламенттин ыйгарым укуктарын өзгөртүү жана федералдык аймакты ажыратып алууга тыюу салуу, орус тилинин макамын бекемдөө каралган. Андан сырткары, бир беренесинде Кудай эскертилип, россиялык мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшү үчүн мураскерлик туурасында да айтылат.

Ошондой эле учурдагы иштеп турган мамлекет башчысына 2024-жылы кайрадан президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берет.

 

87
Белгилер:
добуш берүү, өзгөртүүлөр, Баш мыйзам, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Россиялыктардын 75%ы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө макул. Алгачкы жыйынтык
Кыргызстанда РФ Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш берүү кандай өттү
Адвокат Кайрат Загибаев. Архив

Белгилүү адвокат Кайрат Загибаев пневмониядан каза болду

0
(жаңыланган 21:10 02.07.2020)
Маркум акыркы убакта Кой-Таш окуясында окко учкан УКМК жоокеринин үй-бүлөсүнө жактоочу болуп иштеген.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Адвокат Кайрат Загибаев пневмония оорусунун кесепетинен каза болду. Бул туурасында анын досу жана кесиптеши Канат Хасанов Facebook баракчасына жазды.

Хасановдун айтымында, Загибаев пневмониядан көз жумган үчүнчү адвокат.

Кайрат Загибаев коомчулукта чуу жараткан кылмыш иштеринде жактоочу катары иштеп келген. Алсак, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин, экс-депутат Хаджимурат Коркмазовдун адвокаты болгон. Соңку учурда Кой-Таш окуясында окко учкан УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн начальнигинин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө жактоочу болуп иштеген.

Кыргызстанда пневмониядан бир суткада 17 киши көз жумду

0
Белгилер:
адвокат, өлүм, пневмония, Кайрат Загибаев
Тема боюнча
Коркунучтуу дарт экен! Ооруканадан кайрылуу жасаган 37 жаштагы милиционер көз жумду