Forbes эң көп акча тапкандарды атады, алардын арасында Макгрегор бар

© REUTERS / Adam Hunger-USA TODAY Sports / File PhotoИрландский боец ММА Конор Макгрегор
Ирландский боец ММА Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингдин башына 29 жаштагы ырчы Тейлор Свифт 185 миллион доллары менен чыкты.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Forbes журналы 2019-жылы эң көп акча тапкан атактуулардын тизмесин жарыялады.

Торжественный ужин, посвященный премии BraVo - Sputnik Кыргызстан
Карылыкка моюн сунбай. Сынынан кетпеген атактуу айымдар аталды
Forbes рейтингди түзүүдө 2018-жылдын июнь айынан 2019-жылдын июнь айына чейинки мезгилди алган. Тизмеде атактуулардын (менеджер, юрист) салык төлөгөнгө чейинки алган акча, гонорарларынын суммасы келтирилген.

Рейтингдин башына 29 жаштагы ырчы Тейлор Свифт 185 миллион доллары менен чыкты.

Экинчи орунду америкалык топ-модель жана косметика чыгарган Kylie Cosmetics компаниясынын ээси Кайли Женнер 170 миллион доллары менен ээлеген.

Үчүнчү орунду америкалык рэпер Канье Уэст тапкан 150 миллион доллары менен алды. Бештикти футболчу Лионель Месси (127 миллион доллар) жана Британиялык музыкант Эд Ширан (110 миллион доллар) жыйынтыктады.

© REUTERS / Mario AnzuoniРейтингдин башына 29 жаштагы ырчы Тейлор Свифт 185 миллион доллары менен чыкты.
Рейтингдин башына 29 жаштагы ырчы Тейлор Свифт 185 миллион доллары менен чыкты. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Рейтингдин башына 29 жаштагы ырчы Тейлор Свифт 185 миллион доллары менен чыкты.
© AP Photo / Rich FuryЭкинчи орунду америкалык топ-модель жана косметика чыгарган Kylie Cosmetics компаниясынын ээси Кайли Женнер 170 миллион доллары менен ээлеген.
Экинчи орунду америкалык топ-модель жана косметика чыгарган Kylie Cosmetics компаниясынын ээси Кайли Женнер 170 миллион доллары менен ээлеген. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Экинчи орунду америкалык топ-модель жана косметика чыгарган Kylie Cosmetics компаниясынын ээси Кайли Женнер 170 миллион доллары менен ээлеген.
© AFP / JUSTIN TALLISҮчүнчү орунду америкалык рэпер Канье Уэст тапкан 150 миллион доллары менен алды.
3/3
Үчүнчү орунду америкалык рэпер Канье Уэст тапкан 150 миллион доллары менен алды.
1/3
Рейтингдин башына 29 жаштагы ырчы Тейлор Свифт 185 миллион доллары менен чыкты.
2/3
Экинчи орунду америкалык топ-модель жана косметика чыгарган Kylie Cosmetics компаниясынын ээси Кайли Женнер 170 миллион доллары менен ээлеген.
3/3
Үчүнчү орунду америкалык рэпер Канье Уэст тапкан 150 миллион доллары менен алды.

Көп акча тапкан жүздөгөн атактуулар менен кошо мурдагы чемпион (UFC) Конор Макгрегор 65-орунга чыккан. Ал бул рейтингге кирген ММА боюнча бирден-бир спортчу болуп калды.

Forbes берген маалыматтарга караганда, ирландиялык мушкердин кирешеси 2018-жылы 47 миллион долларды түзгөн. Тагыраагы, ал россиялык Хабиб Нурмагомедов менен беттешип, 30 миллион доллар тапкан. Мындан сырткары, Reebok продукцияларын жарнамалап, 5 миллион доллар алган. Калган акча Proper 12 вискисин сатуудан түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0