Швейцария соту түндө кыйкырган короздун кожоюнуна өкүм чыгарды

© AFP / XAVIER LEOTYМорис аттуу короз. Архив
Морис аттуу короз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тургундар далил катары короздун кыйкырып жаткан маалын видеого тартып алышкан.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Швейцариянын Цюрих шаарынын соту түндө катуу кыйкырган короздун кожоюнуна өкүм чыгарды. Бул тууралуу Neue Zurcher Zeitung басылмасы жазды.

Оштун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жашоочусу, 4 жашар Абдулбарри Илязов - Sputnik Кыргызстан
Үндүктөрдү арачалаган бөбөктүн атасы: уулум мекиян талашкан короздор менен кармашты
Буга чейин шаар тургундары гаражды тооккана кылып алган тургундун үстүнөн арыз жазышкан. Анткени ал жактагы короз түндө катуу кыйкырып, аймакта жашагандарга тынчтык бербей келген. Тургундар далил катары короздун кыйкырып жаткан маалын видеого тартып алышкан. Андан сырткары, канаттуу бир түндө 14төн 44кө чейин кыйкыра турганын санашып, сотко далил катары алып барышкан. Тооккананын жаман жыты да тургундардын тынчын алып жатканын айтышкан.

Ошентип шаардык сот короздун ээсин кечки саат 22:00дөн эртең мененки саат 8:00гө чейин тынчтыкты камсыз кылууга милдеттендирген. Эми короз аталган убакыт аралыгында караңгы жерге киргизиле турган болду. Бирок сот тооккананы түрттүрүү боюнча талапты канааттандырган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0