Россия президенти Владимир Путин. Архив

Путин менен Зеленский алгач ирет телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне тууралуу сөз болду?

1421
(жаңыланган 11:08 12.07.2019)
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Путинге Минск шаарында жолугушууну сунуштаган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Украинанын түштүк-чыгыш тарабындагы абалды жөнгө салуу жана бул боюнча адистердин деңгээлинде ишти алдыга жылдыруу тууралуу талкуу жүрдү. Ошондой эле буга чейин Зеленский сунуштаган форматта жолугушуу өткөрүү боюнча  да сүйлөшүүлөр болду", — дейт Песков.

Эске салсак, буга чейин Украинанын президенти Владимир Путинге Минск шаарында жолугушууну сунуштаган. Ал жолугушууга АКШ, Улуу Британия, Германия жана Франциянын лидерлери катышса, иш-чара өзү Минск шаарында өтсө туура болот деген пикирин айткан.

Ал эми саясий серепчилер расмий Москва менен Киевдин ортосунда диалогдун башталышы жакшы жышаан экенин айтып жатышат.

1421
Белгилер:
маек, телефон, жолугушуу, Владимир Зеленский, Владимир Путин
Тема боюнча
Зеленский "чык эшикке" деген аткаминер катуу жооп кайтарды
Эки мушкер Bellator мелдешиндеги беттешинде

Тепкилей берип, жанын көзүнө көргөздү. ММА мушкерлеринин беттешинин видеосу

11
(жаңыланган 14:26 09.08.2020)
Беттеш экинчи раундда эле жыйынтыкталды. Америкалык мушкердин улам-улам бутка тепкен соккусу атаандашын багынып берүүгө аргасыз кылды.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Аралаш мушташ (ММА) стилинин мушкери АКШлык Чарли Кэмпбелл Bellator 243 мелдешиндеги беттешинде мекендеши Найндоа Дангды башкача нокаут менен утту.

Экинчи раундда жыйынтыкталган беттештеги көрүнүштүн видеосун аталган мушкерлер уюму Twitter-аккаунтуна жарыялады.

​Кэмпбелл атаандашынун бутуна бут менен бир нече ирет катуу тээп жиберди. Жыйынтыгында атаандаш жаракат алып, жерге кулаган. Беттештин калысы жыйынтыгын техникалык нокаут деп эсептеген.

Кубанып турам! Кыргызстандык Физиев UFC уюму менен келишимин жаңыртты

Чарли Кэмпбелл ушуну менен карьерасында экинчи ирет жеңишке жетти. Буга чейин бир жолу утулган.

11
Белгилер:
нокаут, ММА, спорт
Тема боюнча
Шевченко октагонго кайтты! UFC ал наамын коргой турчу күндү так айтты
Медициналык кызматкер

Өлүмгө чейин жеткирген Кытайдагы SFTS вирусу. Адис анын кооптуулугу боюнча үн катты

91
(жаңыланган 14:00 09.08.2020)
Адис аталган вирусту жуктуруп алгандан кийин канда тромбоциттер азайып, жыйынтыгында ал геморрагияга (кан тамыр жарылып, канталап кетет) алып келе турганын маалымдаган.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Россиянын мурдагы санитардык дарыгери, Мамлекеттик Думанын депутаты, медицина илимдеринин доктору Геннадий Онищенко RT телеканалына Кытайда тарап жатат делген жаңы SFTS вирусу тууралуу айтып берди.

"Коркунучтуу эч нерсе болбойт. Коронавируста деле канда тробоциттер азайып кетчү. Бул маалымат бүгүн пайда болду, эртең эми кырдаал ачыкталат. Кооптонууга негиз жок, анын үстүнө Кытайдын чек арасы жабык, чет элдик жарандарды кабыл ала элек", — деди Онищенко.

Вирусолог, медицина илимдеринин доктору, профессор Анатолий Альтштейн дагы RT телеканалында сүйлөп жатып, аталган вирусту жуктуруп алгандан кийин канда тромбоциттер азайып, жыйынтыгында ал геморрагияга (кан тамыр жарылып, канталап кетет) алып келе турганын маалымдаган.

Билл Гейтс: бизди коронавирустан дагы чоң алаамат күтүп турат

"Бул буньявирус — өтө чоң отряд. Ал жакта ооруну козгогучтар көп. Алардын айрымдары Россияда деле кенен жайылган. Ал эми SFTS вирусун алып карай турган болсок, ал бизден табыла элек", — деди Альштейн.

Ал SFTS вирусу Кытайда табылганын, мындан сырткары, Түштүк Кореядан да чыкканын кошумчалады.

"Бул вирус кене аркылуу жугат да, катуу оорутат. Бул илдеттин эпидемиясы башталып кетет деп кооптонууга кажет жок. Анткени адамдан адамга жукканда ал күчүн жоготуп коет", — деди адис.

Акыркы маалыматтар боюнча, вирус 60 кишиде табылып, жетөө көз жумду. Башында инфекция Цзянсу провинциясында катталса, кийинчерээк Аньхой провинциясынын тургундарынан да аныкталган.

91
Белгилер:
пикир, адистик, вирус, медицина, Кытай, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирустун мурда кездешпеген жаңы белгиси табылды. Чикагодогу окуя