Үйлөнүү той учурундагы жарылуудан беш киши каза тапты. Афганистандагы окуя

© AP Photo / Rahmat GulАфганистандын тез жардам кызматы. Архив
Афганистандын тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарылуунун эмнеден болгондугу азырынча айтыла элек.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Афганистандагы Нангархар провинциясында үйлөнүү той учурунда болгон жарылуудан беш киши каза таап, 40ка жакыны жаракат алды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Окуя туурасында аталган провинциянын жетекчилигинин берген маалыматтарына таянып, Tolo News телеканалы маалымат тараткан.

Моджахеддер жоокерлерди  аеосуз кыйнашкан... Афган кан майданынан 7 баян - Sputnik Кыргызстан
Моджахеддер жоокерлерди аеосуз кыйнашкан… Афган кан майданынан 7 баян
Кырсык Пачир Ва Агам деп аталган райондо болгон. Жарылуунун эмнеден болгондугу азырынча айтыла элек.

Афганистанда учурда радикалдык "Талибан" кыймылы менен өкмөттүк аскердик түзүмдөрдүн ортосундагы каршылашуу уланууда. Өлкөнүн коопсуздук жана коргонуу боюнча улуттук күчтөрү Афганистандын бардык аймагында терроризмге каршы күрөш жүргүзүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0